Башкы редактор
Том 4 № 4 (2012): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
МЕДИЦИНАНЫН МАНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ФАРМАКОГЕНЕТИКА: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ПЕРСОНАЛДЫК МЕДИЦИНАГА БАГЫТТАЛГАН ЖОЛ (ЖЫЙЫНДЫ)
АннотацияМакалада азыркы заманга ылайыктуу персоналдык медицинанын өнүгүүсүнүн фармакогенетикалык тармактары каралган. Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн генетикалык изилдөөлөр боюнча илимий адабияттардын жана макалалардын мазмунун анализи жасалган.
-
КОШ БОЙЛУУ УЧУРУНДА ДАРЫ-ДАРМЕКТЕРДИ КОЛДОНУУ СУРООЛОРУ (ЖЫЙЫНДЫ)
АннотацияБул макалада кош бойлуу учурунда дары-дармек менен дарылоонун эн көп кезигичүү кыйынчылыктары көрсөтүлгөн.
-
БЕЙТАПТЫН ДАРЫЛАНУУГА КӨНҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИНИН АЗЫРКЫ АБАЛЫ (ЖЫЙЫНДЫ)
АннотацияОорулуулардын дарыланууга көнүүсүнүн төмөндүгү мурдагыдай эле өтө кыйын, чечилбей турган маселе бойдон калууда. Дарылануу үчүн сунушталган дары препараттарынын санынын өтө эле көптүгү, аларды рационалдуу колдонуунун шарттары бул маселени андан бетер татаалдантып жатат. Бул макалада аталган маселени изилдөөнүн методдору, чечүүнүн жолдору, негизги багыттары анализден өткөрүлдү.
-
АЗЫРКЫ ЭТАПТА КЫРГЫЗСТАНДА ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО
АннотацияМакалада Кыргызстанда фармацевтикалык сектор үчүн адистерди даярдоонун өтө көйгөйлүү маселелери, бейтаптар үчүн жеткиликтүү, натыйжалуу, коопсуз, арзан дарылар менен камсыз кылуу үчүн калкка фармацевтикалык жардам берүүнүн маселелери талкууланат.
-
ФАРМАЦИЯ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИРИНЧИ ДИССЕРТАЦИЯЛЫК СОВЕТ
АннотацияКыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 15.00.01.- дарылардын технологиясы жана фармацевтикалык иштерди уюштуруу адистигинде кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кенеш 2004-жылы ачылган. Нанаева М.Т. диссертациялык кенештин биринчи төрагасы болгон. Ушул кенеш иштеп турган учурда фармацевтикалык илимдер боюнча 1 доктордук, 13 кандидаттык диссертация жактаган. Диссертациялык кенештин ачылышы фармация чөйрөсүндө жогорку квалификацилуу илимий жана илимий- педагогикалык кадрларды даярдоону (тездетүүгөйлү) активдештирүүгө өбөлгө түзгөн.
-
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК БАЗАРДЫН ЗАМАНБАП АБАЛЫ ЖАНА МАСЕЛЕЛЕРИ
АннотацияМакалада Кыргызстандын фармацевтика базарынын азыркы абалына жана маселелерине баа берилген.
-
САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨНҮН АБАЛЫН АНАЛИЗДӨӨ (ЖЫЙЫНДЫ)
АннотацияМакалада «фармацевтикалык тейлөө» түшүнүгүнүн терминологиялык анализи жасалган, чет өлкөлүк тажрыйбанын мисалында фармацевтикалык тейлөөнүн негизги тармактары каралган.
ОРГИГИНАЛДУУ ИЗИЛДӨӨЛӨР
-
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КАН БАСЫМЫН ЫЛДЫЙЛАТУУЧУ ДАРЫЛАРДЫН ФАРМАКОЭПИДЕМИОЛОГИЯСЫ
АннотацияАртериальдык гипертензия (АГ) жүрөк - тамыр ооруларынын өнүгүшү жана өлүм коркунучунун кыйла өсүшүнө алып келген азыркы коомдогу көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. Бирок, кан басымын ылдыйлатуучу даарылардын кен арсеналы бар болгондугуна карабастан, даарылоонун натыйжалуулугу төмөн бойдон кала берүүдө, өнүккөн өлкөлөрдө да 35-40% дан ашпайт. Дарылоонун натыйжалуулугу көпчүлүк учурда дарылап жаткан дарыгерлердин Агнын дарылоосуна карата азыркы мамиле кылуулар тууралуу маалымдуулугуна жана ошого карата иш жүргүзүшүнө байланыштуу.
-
ГИПЕРТОНИЯ ООРУСУНА ЧАЛДЫККАН ДАРЫГЕРЛЕРДИН АРАСЫНДА КАН БАСЫМЫН ЫЛДЫЙЛАТКАН ДАРЫЛАРДЫН КОЛДОНУУСУН ЖАКТАГАНДАРЫНА БАА БЕРУУ
АннотацияМакалада кан басымын ылдыйлатууга колдонулган дарылардын пайдалануу маселелери боюнча гипертония оорусуна чалдыккан дарыгер-ооруларды сурамжылоонун натыйжалары берилген.
-
ӨНӨКӨТ КУРЧ ПАРОДОНТИТ ООРУСУНУН ООРДУГУНУН ОРТО ДАРАЖАСЫН ДАРЫЛООСУНУН АР ТҮРДҮҮ СХЕМАЛАРЫНЫН ФАРМАКОЭКОНОМИКАЛЫК БААСЫ
АннотацияФармоэкономикалык изилдөөнүн жыйынтыгында дарылоодо колдонулган схемаларга байланыштуу өнөкөт курч пародонтит оорусунун оордугунун орто даражасын дарылоонун натыйжалуулугуна кеткен чыгымдын жетишерлик вариациялангандыгы аныкталды. Ушул учурда, өнөкөт курч пародонтит оорусунун оордугунун орто даражасын комплекстүү дарылоонун ар түрдүү схемаларында экономикалык пайдасын жана клиникалык натыйжалуулугун эсепке алганда, клиникалык практикада колдонуу үчүн көбүрөөк өзүнө тарткан бул - лазеротерапия менен айкашкан микробго каршы ровамицин менен же суу менен аралашкан 0,2% биглюконаттын хлоргексидин эритемеси менен микробго каршы дарылоо экендиги көрүндү.
-
ПИЕЛОНЕФРИТ МЕНЕН ООРУГАН КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРДЫН ФАРМАКОЭКОНОМИКАЛЫК КӨЗ КАРАШЫНЫН ФАРМАКОТЕРАПИЯЛЫК ИЛИКТӨӨСУ
АннотацияБул статьяда кош бойлуу аялдардын пиелонефрит оорусунда колдонулган дары-дармектердин орточо баасын талдоонун жыйынтыгы көрсөтүлгөн.
-
ФТОРХИНОЛОН КАТАРЫНДАГЫ БАКТЕРИЯЛАРГА КАРШЫ ДАРЫЛАРДЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ МАРКЕТИНГИН ИЗИЛДӨӨ
АннотацияБул макалада Бишкек шаарынын дарыканаларында жүргүзүлгөн, фторхинолон группасындагы бактерияларга каршы дарыларынын маркетинг анализинин жыйынтыктары көрсөтүлгөн.
-
КЛИНИКАЛЫК ТАЖРЫЙБАДА ЖУРОК ООРУГА КАЛДЫККАН ООРУЛАРГА ДАРЫЛАРДЫ РАЦИОНАЛДУУ КОЛДОНУУ БОЮНЧА БАА БЕРИЛИШИ
АннотацияБул статьяда, оорукананын денгээлинде кардиология бөлүмүндөрүнүн врачтарынын дарыларды ирээттүү дайындоо боюнча тандалган сыноо баасы берилген.
-
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРДЫН ИЧИНДЕ КАН БАСЫМЫН ЫЛДЫЙЛАТУУЧУ ДАРЫЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУСУНУН ФАРМАКОЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК НАТЫЙЖАЛАРЫ
АннотацияБул макалада түрдүү гипертензивдүү оорууларына чалдыккан кош бойлуу аялдардын тарыхтарынын ретроспективдүү фармакоэпидемиологиялык талдоосунун натыйжалары далилдөөчү медицина өңүтү жагынан корсотулгон.
-
БИОФАРМАЦЕВТИКАЛЫК ПРЕПАРАТТАР: КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИ
АннотацияБул макалада биосимилярларды каттоо жана базарга алып чыгуу өзгөчөлүктөрү, биофармацевтикалык дары препараттарынын маселелери каралат.
-
БЕЙТАПТАПКАНАДАН СЫРТКАРЫ ПНЕВМОНИЯ МЕНЕН ООРУГАН УЛГАЙГАНДАРДЫН ДААРЫ КАРАЖАТТАРДЫН РАЦИОНАЛДУУ БЕРИЛИШИНЕ БАА БЕРҮҮ ЖАНА АНАЛИЗДӨӨ
АннотацияСтатьяда бейтапканадан сырткары пневмания менен ооруган 163 улгайган бейтаптардын, бейтапкана шартында дары каражаттардын рационалдуу берилиши боюнча анализ доонун көрсөткүчтөрү келтирилген.
-
БИШКЕК ШААРЫНДА ТУРУКТУУ ЖАШАГАН АЙЫМДАРДЫН АРАСЫНДАГЫ БОЙДОН АЛДЫРУУНУН ТЕНДЕНЦИЯСЫ ЖАНА ДЕҢГЭЭЛИ
АннотацияБишкек шаарында туруктуу жашаган айымдардын арасындагы бойдон алдыруунун тенденциясы жана деңгээлине баа берүү максатында 730 айымга анкеталык сурамжылоо жүргүзүлдү. Алардын репродуктивдүү анамнези, кош бойлуулуктун болушу, бойдон алдыруунун эсеби, бойдон алдырууга түрткү берген жагдайлар, бойдон алдырган жайлар жана бойдон алдыргандан кийин болгон кабылдоолордун мүнөздөмөсү аныкталды. Кош бойлуулардын 40% бойдон алдыруу менен коштолот экен, анамнезде бир бойдон алдыруу респонденттердин 46%ын түзсө, бирден көбү 67% жана 5%ы 6 эседен көбүрөөгүн түздү. 1000 аялга эсептелген жашы курак боюнча коэффициент негизинен 25-29 жаштагылар 117ге пайызга барабар болду.
ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР
-
ГЕТЕРОТРАНСФУЗИОНАЛДЫК ШОКТУ МОДЕЛДӨӨДӨГҮ КАНДЫН ПЛАЗМАСЫ ЖАНА БРОНХОАЛЬВЕОЛЯРДЫК ЖУУП АЛУУЛАРДАГЫ ЭЛЕКТРОЛИТТЕРДИН БУЗУЛУУСУ
АннотацияГемотрансфузионалдык шокту моделдөөдөгү иттерге жүргүзүлгөн эксперименте системалык гемодинамикасы, үстүртөн болгон активдүүлүк, кандын плазмасы жана бронхоальвеолярдык жууп алуулардагы электролиттери изилденген.
-
КЫРГЫЗСТАНДЫН АР ТУРДҮҮ БИЙИКТИКТЕГИ ШАРТЫНДА КОQ10 МЕНЕН АЛДЫН АЛУУ ФОНУНДА ЖАНЫБАРЛАРДЫН ЖҮРӨК БУЛЧУҢУНУН КАТЕХОЛАМИНДҮҮ НЕКРОЗУНУН ӨРЧҮШҮ
АннотацияЖүрөктγн катехоламиндүү жабыркоосун коэнзим Q10 менен алдын алуу кислороддун жетишсиздигине алып келүүчү клеткалардын жабыркоо деңгээлин азайтаарын, жыйынтыгында бийик тоолуу гипоксия жана адреналиндин токсикалык таасири жүрөк булчуңдарынын некрозунун өнүгүүсүнө жана миокард инфарктынын өсүүсүнө жолтоо болоорун бул иштин жыйынтыгы көрсөттү. Миокарддын катехоламиндүү некрозун КоQ10 менен алдын алуу жапыз жана бийик тоолуу шартта дээрлик бирдей даражада оң таасир бере тургандыгы аныкталды.