Башкы редактор
Том 2 № 2 (2011): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
ФУНДАМЕНТТИК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ОЦЕНКА ФИЗИЧЕСКОГО РАЗВИТИЯ И ФУНКЦИИ КАРДИО-РЕСПИРАТОРНОЙ СИСТЕМЫ У СТУДЕНТОВ I КУРСА КГМА
АннотацияКардиореспиратордук системанын абалын жана физикалык жактан өсүүсүн изилдөө максатында КММАнын 1-курстагы 310 студента текшерилди. Боюнун узундугу, отургандагы узундугу, денесинин салмагы, көкүрөк клеткасынын көлөмү, өпкөсүнүн жашоо сыйымдуулугу изилденди. Жүрөк-кан тамыр системасынын реакциясьг журөктүн жыйрылуусунун саны жөн турганда жана кыймыл аракет жасагандан кийинки пульстун басымы боюнча бааланды. Денесинин саламаттыгынын денгээли боюнча студенттер үч тайпага бөлүштүрүлдү. Төмөнкү деңгээл - 21%, ортодон төмөн - 43%, ортоңку деңгээл - 36%.
-
КММА ЖАНА КОСУнун МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНИН I КУРСТАГЫ СТУДЕНТТЕРИНИН ЭКИНОКОККОЗ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАНЫШЫ
Аннотацияэхинококкозду жугузуп алуу жолдору тууралуу студенттердин маалыматтанышы. КГМАнын 100 жана КРСУнун 200 студентине анкета толтурулган. КГМА 1курсунун студенттеринин арасында маалыматка ээ болгондор 100%, ал эми КРСУ-81% түзгөн. Эң негизги маалыматтардын булагы бул жогорку окуу жайында окуган адабияттар (КГМА - 69%, КРСУ-65%), массалык маалымат каражаттары (5% и 12%), ал эми медиктерден, ата -энелерден, мектептеги мугалимдерден алган маалыматтар өтө аз (3,5% - 12%)
-
ПУБЕРТАТ МЕЗГИЛИНДЕГИ БАЛДАРДЫН ДЕН-СООЛУГУ
АннотацияОбзордо өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугунун жетилүүсүнө тоскоол кылган фактыларды аныктоо жана алардын сергек жашоо проблемасы тууралуу өткөрүлгөн анкеттөөнүн жыйынтыктары берилген.
-
МИОКАРД ИНФАРКТЫНЫН АЛДЫН АЛУУ ТАЖРЫЙБАСЫНДА КОЭНЗИМ Q1() ПРЕПАРАТЫН КОЛДОНУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ
АннотацияКоендорго бир ай бою коэнзима Q10 препаратын берүү миокарддын катехоламиндүү некрозунун денгээлин абдан эле төмөндөтөөрүн жүргүзүлгөн тажрыйба көрсөттү.
-
ӨCYY ИНДЕКСТЕРИН КОЛДОНУУ АРКЫЛУУ ТАМАКТАНУУГА БАА БЕРӨӨДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ МЕТОДОЛОГИЯЛЫК ЫКМАЛАР
АннотацияБул илимий макалада И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын 75 студентинин семирип кетүү көрсөткүчүнө баа берүүдө колдонулган ыкмалардын натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн салыштырмалуу анализдин жыйынтыктары берилген. Анализ жүргүзүү аркылуу дене салмагынын индекси семирүүнүн деңгээлин гана аныктай тургандыгын, бирок май басуу деңгээли тууралуу маалымат бере албастыгы анык болду. Ошол эле учурда Брок индексин жана Брейтман көрсөткүчүн колдонуу аркылуу дене салмагынын жогорулашы же төмөндөшү тууралуу так маалымат алууга болот экен.
-
ЭКСПЕРИМЕНТТЕ ӨТ БАШТЫКЧАСЫНЫН ТҮЗҮЛҮШ БЕТИНЕН БОЛУП ЧЫГАРЫЛГАН ГУМОРАЛДЫК СЕБЕПТИН «КЫЧКЫЛТЕК ГРАДИЕНТ» КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНӨ БОЛГОН ТААСИРИ
АннотацияБул илимий иште уксускычкыл экстракциясын колдонуу менен курч сезгенген өт баштыкчасынын түзүлүш бетинен бөлүнүп чыккан пептидди 15 күнү коендордун булчу? эттерине куйганда, анын «кычкылтек бюджетинин» көрсөткүчтөрүнө болгон таасири, андан келип чыккан жыйынтыктар камтылган. Жыйынтык көргөзгөндөй эксепименталдык коендордун денесине куюлган пептид гипоксемия жана гиперкапния кубулуштарын түзөт, ошондой эле канда негизги бирикмелерди чогултат.
-
РОЛЬ БАКТЕРИОЛОГИЧЕСКИХ ИССЛЕДОВАНИЙ В ДИАГНОСТИКЕ И ЛЕЧЕНИИ БОЛЬНЫХ С ГНОЙНО ВОСПАЛИТЕЛЬНЫМИ ЗАБОЛЕВАНИЯМИ
АннотацияИзилдөөнүн максатына: сезгенүү - ирин ооруларындагы ар жерде жайгашкан себептерин жана алардын антибиотикке болгон сезгенүүсүн изилдөө кирген. Текшерүүдө төмөнкүчө: сезгенүү - ирин ооруларында алынган, антибиотикке туруктуу абалын көрсөткөн убактылуу зыян микроорганизмдер берилген. Методикалык жактан туура белгилери менен толукталган, антибиотикке туруктуу болгон текшерүүнүн мааниси көрсөтүлгөн.
КЛИНИКАЛЫК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ
-
МОЮН ЛИМФА БҮРТҮКЧӨЛӨРҮНҮН РАДИОТОЛКУНДУК ЖАНА ИНФРАКЫЗЫЛНУР ӨЛЧӨМДӨРҮНҮН САЛЫШТЫРМА KӨPCӨTMӨCҮ
АннотацияМакалада моюн лимфа бүртүкчөлөрүнүн тереңдүү жана инфракызыл термометриялык норма критерийлери баяндалат.
-
ӨНӨКӨТ ЖҮРӨК КЕМТИГИ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН БЕЙТАПТАРДЫН МЕРЦАТЕЛДҮҮ АРИТМИЯСЫНЫН ЖАНА БӨЙРӨКТҮН КЫЗМАТЫНЫН НАЧАРЛАШЫНЫН ОРТОСУНДАГЫ Ө3 АРА БАЙЛАНЫШЫ
АннотацияМерцателдүү аритмиянын ар кандай формалары менен синустук ыргакты сактаган өөкөт журек кемтигинде бөйрөктүн кызматынын начарлашынын ортосундагы өз ара байланышка баа берүү үчүн өнөкөт жүрөк кемтигинин ар кандай түрлөрү менен жабыркаган 221 » бейтап текшерүүдөн өткөрүлдү. Мунун натыйжасында, мерцателдуу аритмиядан жабыркаган! бейтаптардын сол жүрөк алдынын көлөмү жана сол карынча миокардынын салмагы синустук ритм сакталган бөйрөк oopсy менен жабыркаган бейтаптардыкына караганда чоңураак болоору белгилүү болду.
-
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КАНТ ДИАБЕТИ 2 ТИП МЕНЕН ООРУГАН АДАМДАРДЫН ЖАШОО САПАТЫ
Аннотация2 тип кант диабети менен ооруган 36 адамдардын жашоо сапаты кыргыз тилиндеги азыркы убакта тилдик жана маданияттык адаптация өтүп жаткан SF-36v2™ сурамжылоо аспабы аркылуу изилдөөгө алынды. Натыйжада, 2 типкант диабети менен ооруган адамдардын жашоо сапаты баардык парамстрлер боюнча контролдук топ менен салыштырмалуу кескин төмөн болуп чыкты. SF-36v2 ™ сурамжылоо аспабы кыргыз улутундагы 2 типтеги кант диабети менен ооруган бейтаптардын жана дени сак адамдардын арасында биринчи жолу өткөрүлдү жана жакшы ишенимдүүлүк көрсөткүчтөрүнө ээ болду жана кийинки валидация этаптарына изилдөөгө алынышы керек.
-
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АШКАЗАН ЖАНА 12-ЭЛИ ИЧЕГИ ЖАРАЛАРЫ МЕНЕН ООРУГАН АДАМДАРДЫН ЖАШОО САПАТЫН БААЛОО
АннотацияАшказан жана 12-эли ичеги жаралары менен ооруган 32 адамдардын жашоо сапаты SF-36v2™ сурамжылоо аспабы аркылуу изилдөөгө алынды. Натыйжада, ашказан жана 12- эли ичеги жаралары менен ооруган адамдардын жашоо сапаты баардык параметрлер боюнча контролдук топко салыштырмалуу кескин төмөн болуп чыкты. Ооруканада даарыланып жаткан ашказан жана 12-эли ичеги жаралары менен ооруган пациенттер SF-36v2™ сурамжылоо аспабын түшүнүү менен кабыл алышты. SF-36v2™ сурамжылоо аспабын ашказан жана 12-эли; ичеги жаралары менен ооруган пациенттерге оорукананын шартында оорулардын абалын кеземелдөөгө колдонууга сунуш берилди.
-
АТОПИЯЛЫК ДЕРМАТИТ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫН МОМЕТАЗОН ФУРААТЫН ДАРЫЛАНГАН ЭФФЕКТИСИНИН САЛЫШТЫРМАЛУУ БАСЫ
Аннотация18 жаштан 40 жашка чейинки 46 бейтаптарды көзөмөлдөдүк. Баардык пациентерде оруунун үчүнчү жаштык болүгүндө атопикалык дерматит диагнозу коюлган. Изиндөө негизги үч окшош клинико-статистикалык тобу менен өткөрүлгөн. Коштошулган дарылоонун биринчи тобунда (20 адам). Кундө бир жолу мометазон фуроаты берилди. Экинчи топтогу 13 адамга фтордолгон кортикостероид (флуцинар фторокорт) майлары сунушталган. Күндө үч жолу, үчүнчү топтогу 13 оорулардын топикалык кортикостероидтер колдонулбаган. Дарылону болоо учун SCORAD индексин колдондук. Салыштырмалуу баанын көрсөкткүчү боюнча коштошулган дарылоо мометазона фуроата жакшы натыйжа берди.
-
БАЛДАРДЫН СТЕРОИДГЕ МУКТАЖ НЕФРОТИКАЛЫК СИНДРОМУН ЦИТОТОКСИКАЛЫК ДАРЫЛООСУ
АннотацияТез-тез кайталануучу жана стероидге муктаж нефротикалык синдром менен ооруган 15 балдарга селлсепт цитотоксикалык дарылоо жүргүзүлдү. 1 жылга чейинки узак мөөнөттүү дарылоонун негизинде 90%, ал эми дарылоо токтотулгандан кийин 2 жылга чейин 10% оорулулардын нефротикалык синдромунун толук басаңдашы 60%га жетти. Цитотоксикалык дарылоонун негизинде оорунун кайра жаңыланышы оорулуулардын 26%ында белгиленди.
-
БАЛДАРДЫН КУРЧ ПИЕЛОНЕФРИТИНИН ӨБӨЛГӨСҮНҮН ТҮЗҮЛҮШҮ 2010- ЖЫЛГА
АннотацияКурч пиелонефриттин 56 оорулуусуна заранын бактериалык иликтөөсү жүргүзүлдү. 16% патологиялык титр белгиленди, алардын ичинен 22,8% бир түрдүү, ал эми 87,2% эки-, үч-, төрт түрдүү микробдордун кошулмасы аныкталды. Жогорку сезгичтиги 25%ы фгорхинолон группасына, туруктуулугу (12% жана 30%) пенициллин, макролид группасыпа киргизилди.
-
БАЛДАРДЫН ӨHYKKӨH «А» ГЕПАТИТИН ӨЗГӨЧҮЛҮКТӨРҮ АЗЫРКЫ КЫРДААЛДА
АннотацияБул илимий эмгекге Республикалык жугуштуу оруулар бейтапканасына жаткырылган 341 баланын өнуккөн «А» гепатитипин оруу баяны изилделген.
-
БАЛДАРДЫН ГЛОМЕРУЛОНЕФРИТИНДЕ ЭНОПАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ
АннотацияЭнопар Шенлейн-Генохтун нефритинде патогенетикалык дарылоодо негизги препарат болуп эсептелинет, анткени анын таасири узак убакытка созулат. Энопардын баалулугу: бир ирет берүүлүсүндө, жакшы көрсөтүлүшүндө, оңой токтотуусунда.
-
ӨПКӨНҮН ӨНӨКӨТ ОБСТРУКТИВДҮҮ ООРУСУ КАНТ ДИАБЕТИНИН ЖАНА КАН БАСЫМЫНЫН ЖОГОРУЛАГАН ООРУСУ МЕНЕН КОШТОЛГОНДОГУ ООРУНУН ЖҮРҮШ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
АннотацияБул изилдөөнүн негизги максаты өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу менен ооруган бейтаптардын 2-типтеги кант диабетинин жана кан басымынын жогорулаган оорусунун кездешүүсүн аныктоо жана алардын ооруга тийгизген таасирин баалоо болуп саналат. Улуттук госпиталдын өпко оорулар бөлүмүндө толук клинико-функционалдык текшерүүдөн жана дарылоодон өткөн 40 жаштан 84 жашка чейинки курактагы өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунун I-II даражасы менен жабыркаган 125 бейтаптын оору баяны изилдепген. Алынган жыйынтыктар өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу, кант диабети жана кан басымынын жогорулаган оорусу сыяктуу коморбиддик абалдардын абдан жайылып кеткендигин далилдейт. Опкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу менен ооругандарга мындай кардиоваскулярдык жана эндокриндик пагологиялардын коштоп жүрүшү өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунун клиникалык картинасын жана функционалдык көрсөткүчтөрүн өтө начарлатат.
-
МЕТАКРЕЗОЛДУН ЖАТЫНДЫН МОЮНЧАСЫНДАГЫ ЖАРАГА КОЛДОНУЛУШУ
АннотацияЖатындын моюнчасындагы жарада метакрезолду колдонууда 35 айым дарыланып, текшерилип жыйынтыгы чыгарылды. Метакрезолду колдонууда жатын моюнчасындагы жаралар жакшы эпителизацияланып бүткөн. Бардык айымдардын ушул текшерилип жагкан убакыттын ичинде жыныс кынындагы флоралар езуне келип нормалдалган. Биздин текшерүүлөрдүн жыйынтыгында метакрезолду жатын моюнчасындагы жарага колдонуунда эффективдүү экендиги далилденди.
-
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ "ЖАРАТ ИЛДЕТИ МЕНЕН СЫРКООЛОГОН ООРУЛАРДЫН МЕКТЕБИНИН" ТАЖРЫЙБАСЫ
АннотацияЖасалган жумушгун максаты - он эки эли ичегинин жарат илдети менен сыркоологондор үчүн иштетилип чыккан ооруу боюнча билимин жогорулатуучу программанын эффективдүүлүүгүн баалоо. Изилдөөгө Бишкек шаарынын үй-бүлөөлүк медицина борборунуна кайрылган 18жаштан 40 жашка чейинки 100 эркек катышты. Изилдөөнүн натыйжасында оорулуулардын өздөрүнүн илдети жөнүндө билим деңгээли өтө төмөн экенин дадилденди. Окутуу аяктагандан кийин, кайталанган тестирлөөнүн жыйынтыгында жарат илдети жөнүндө билим алган тайпадагы оорулуулардын билим денгээли жогору экени билинди. Биз өткөргөн окутуулар жарат илдети менен сыркоологондор үчүн эффективдүү болду, анткени оорулуулардын өздөрүнүн илдети жөнүндө маалыматтандырылгандыгы көз көрүнө оңолду жана ооруу рецидивине каршы дарыланганга көбүрөөк көңүл бурганы билинди. демек биз келтирген "Жарат илдети менен сыркоологондордун мектебинде" окутуу технологиясы эффективдүүдарылоодо манилүү болуп саналат жана амбулатордук- эмканалык практика жүзүндө кенен колдонууга сунушталат.
-
KӨPYYЧY НЕРВДИН НЕВРИТ ООРУУСУН ДАРЫЛООДО КОРТИКОСТЕРОИДДЕРДИ КОЛДОНУУНУ ЖОГОРУЛАТУУ.
АннотацияИлимий изилдөөдө көрүүчү нервдин неврит ооруусунун сезгенүүсү пайда болгон жерге кортикостериоиддерди (кеналогду) жеткирүүнүн ыкмасы сунушталган.
-
АСИММЕТРИЯЛЫК ФАКТОРИСЕКЦИЯ - КАТАРАКТАНЫН ЧАКАН ТИЛИНГЕН ТИГИШСИЗ МАНУАЛДУУ ХИРУРГИЯСЫНЫН ЖАНЫ ЫКМАСЫ
АннотацияБул иште асимметриялык факотрисекциянын - катарактанын чакан озу тыгыздалып бириге турган тоннелдик тилинген тигишсиз мануалдуу хирургиясынын жаңы заманбап ыкмасынын техникасы жана натыйжалары берилген. Бардыгы 20 оорулуу адамга (20 козго) операция жасалган. Жаны ыкма жогорку функциялык натыйжаларга жетишуго мумкунчулук
берди.
ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
БООР АЛЬВЕОКОККОЗУ ДАРТЫНДАГЫ БООР ЖЕТИШСИЗДИГИН АЛДЫН АЛУУ ШАРТТАРЫ
АннотацияИзилдөөлөрдөн кийин 84 бейтапка операция жасалды, алардын ичинен 36 бетапка радикалдуу жана 48 бейтапка шарттуу радикалдуу операция жасалды. Бейтаптардын көпчүлүгүндө боордун көрсөткүчтөрүндө өзгөрүү катталды. Операцияга чейинки жана операциядан кийинки боордуе жетишсиздигин алдын алуу ыкмалары берилди.
-
ӨТ ЫЙЛААКЧАЛАРЫНЫН ДАРТЫН АНЫКТОО ЖАНА ДАРЫЛООДОГУ ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН КӨЙГӨЙЛӨР
АннотацияӨт ыйлакчалары жабыркаган 42 оорулу текшерүүдөн жана дарылоодон өткөрүлүп, жыйынтыгы берилди. Бир топ жогорку маалымдуулука ээ болуп ультра добушту изилдөө, оперативдүү холецистэктомия жолу менен дарылоо саналат. Операциядан кийин кабылдып кетүү болгон жок.
-
УЙКУ БЕЗДИН КЕСКИН ЖАГЫМСЫЗ CE3ГEHYYCYHYH ДАРЫЛОО ЫКМАСЫ
АннотацияБул илимий жазылмада уйку бездин кескин жагымсыз сезгенүүсүнүндө колдонулган дарылоо ыкмасы жазылган. Бул дарылоо ыкмасын негизин уйку безинин айланасындагы жана жоон ичегинин эки аймагындагы май мейкиндиктерине терегетип катетер жана түтүкчөлөрүдүн киргизүү түздү. Дарылоо ыкмасы уйку безинин жагымсыз сезгенишин менен ооруган 32 адамга колдонулган. Дарылоо үчүн колдонулган лимфотроптук дарылардын курамы жана жыйынтыгы жазылган.
МЕДИЦИНАЛЫК ЖАНА ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ПЕРСПЕКТИВЫ НАНОТЕХНОЛОГИИ В МЕДИЦИНЕ
АннотацияТөмөнкү статьяда нанотехнологиялардын өнүгүүсүнүн негизги багыттары, медицина жана герантологиядагы нанотехнологиялардын перспективалары, кибернетикалык наномедицинанын өнүгүүсүнүн тенденциялары көрсөгүлгөн.
-
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫНДАГЫ КУРГАК УЧУК MEHEH ООРУГАНДАРДЫН ДАРЫ- ДАРМЕКТЕРДИ КОЛДОНГОНДУГУНУН РЕАЛДУУЛУГУНА АНАЛИЗ ЖАСОО ЖАНА БАА БЕРҮҮ
АннотацияБул статьяда кургак учук менен ооруган 244 оорулуунун дары-дармектерди колдонгондугунун ретроспективдүү изилдөө жүргүзүлдү, бардыгы Ысык-Көл областындагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунда дарыланышкан. Анализ жүргүзүүдө кургак учукка каршы колдонулуучу препараттар эске алынган эмес. Мындан сырткары кургак учукка каршы препараттарга болгон микробактериялардын туруктуулугу жана дарылоо процессинде оорулууларды абацилирлөөнүн деңгээли чагылдырылып берилди.
ПРАКТИКАДАН
-
ДИССОЦИАТИВДҮҮ- КОНВЕРСИОНДУК БУЗУЛУУДАГЫ ФУНКЦИОНАЛДЫК ГИПЕРКИНЕЗДЕР КАТЫШКАН КЛИНИКАЛЫК УЧУР
АннотацияДиссоциативдуу конверсиондук бузулуу (ДКБ) функционалдык гиперкинездер катышкан клиникалык учур анализденип берилген. Жалпы мүнөздөмөсү, ооруунун осүүсүнүн эң негизги себептери көрсөтүлгөн. КРССМУГ №1 неврология бөлүмүндө 2010- жылдын сентябрнан 2011- жылдын мартына чейинки ДКБ ар кандай көрсөтүүлөрү менен алардын ылдам учуроосу каралган. Баштын органикаляк оорулары, тарамыш тартышуунун бузулуулары менен дифференциалдык диагноз талкууланган.
-
АНДЫНКЫ ИШЕМИЯЛЫК ОПТИКОПАТИЯНЫ ДАРЫЛООНУН ЖАНЫ ЫКМАЛАРЫ
АннотацияТомонку жумушта алдынкы ишемиялык оптикопатияны дарылоодо, пептидтик биорегуляторлордун, антиоксидант мексидол менен биргелешкенде и жана комплекстин кондонулушу корсотулгон.
СЫН-ПИКИРЛЕР
-
ӨНӨКӨТ ГЛОМЕРУЛОНЕФРИТ МЕНЕН ООРУГАНДАРДЫН ЖҮРӨГҮН КАЙРА МОДЕЛӨӨ
АннотацияБул иште өнөкөт гломерулонефрит менен ооругандардын сол карынчасынын гипертрофиясынын өсүшү берилген. Сол карынчанын гипертрофиясы бөйрөктүн өнөкөт кемтиги менен ооругандардын 75%ында кездешет, бул болсо акыры ооруга алып келе турган жагымсыз фактор болуп саналат. Белгилүү болгондой, сол карынчанын гипертрофиясы бөйрөктүн өнөкөт кемтиги менен ооругандарды өлүмгө алып келе турган коопту фактор болуп саналат жана өлүм алдында бөйрөктүн функциясы абдан начарлайт. Бөйрөктүн өнөкөт кемтиги менен ооругандардагы анын канчалык ылдам жна кооптуу экендиги азыркы күнгө чейин изилдене элек.