Том 4 № 4 (2020): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2021-07-30

Бардык чыгарылыштар

ИЧКИ МЕДИЦИНА

  • ЧОҢ КИШИЛЕРДИН АРАСЫНДАГЫ ООР ТҮРҮНДӨГҮ КУРЧ ИЧЕГИ-КАРЫН ООРУЛАРДЫН КЛИНИКА- ЛАБОРАТОРДУК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНҮН ТАЛДООСУ

    Г.З. Джакыпбекова, А.Ш. Джумагулова, С.К. Кочкорбекова, Г.Б. Бердибекова
    10-16 127
    Аннотация

    Корутунду. Макалада 2019 жылдын Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык оорууканасынын тез жандандыруу бөлмөсүнүн материалдары боюнча оор түрүндөгү курч ичеги карын оорулар менен ооруган 23 чоң кишилердин арасындагы клиника-лаборатордук көрсөткүчтөрүнүн изилдөө жыйынтыгы берилген. Оорунун оордугун балоо критерийлер, дене суусуздануу менен байланышкан өмүргө коркунуч туудурган абалдардын прогноздук критерийлери көрсөтүлгөн. Ичеги-карын, жүрөк-кан тамыр, эндокриндик өнөкөт оорулар менен ооруган 19-40 жаштагылар 47,8% үстөмдүк кылды, курч түрүндө бир күндүн ичинде өнүгүп кеткен (56,5%), негизинен гастроэнтерит түрү болуп өткөн. Көпчүлүк оорулууларда ысытма (60%), кайталап кусуу (87%), күнүнө 5-10 эседен ашык ич өтүү (65,2%), гиповолемиялык шоктун белгилери (52,2%) болгон. Бактериялык инфекциялардын белгиси катары прокальцитонин 56,5% учурда көтөрүлгөн. Магнийдин азайышы (78,2%), натрийдин жана калийдин азайышы (30,4%), креатининдин (91,3%) жана мочевинанын көбөйүшүү (43,4%) өз убагында суу-электролит балансын оңдоону талап кылат.

  • КАНДИДОЗДУК БАЛАНОПОСТИТТЕРДИ ДАРЫЛОО

    М.Б. Усубалиев
    17-20 109
    Аннотация

    Корутунду. Макалада клиникалык изилдөөнүн жана кандидоздук баланопостит менен ооруган 62 бейтаптын дарылоо жыйынтыктары баяндалат. Комплекстүү дарылоодо системдик антимикотикалык препарат флуконазол (Микофлю) менен Акридерм ГК майын кошо колдонууда негизги топтогу бейтаптардын 90,6% дарылоонун башталышынан баштап 14-күнү клиникалык жана микологиялык айыгууга жетишти.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БАШ МЭЭНИН ЖАРАКАТЫН ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА ТАТААЛДАШУУЛАР

    А.К. Абдымечинова, М.М. Базарбеков, М. Авазали уулу, А.Т. Бакасов, А.А. Токтобаева, Г.А. Файзуллаева, А.М. Насиров
    21-29 107
    Аннотация

    Изилденгендердин ичинде 109 (85,8%) эркек 18 (14,2%) аял болгон. Жабыркагандардын жаш курагы 17 ден 82 жашка чейин. Бейтаптардын орточо курагы 42,4±5,6 жаш болду. Баш-мээсинен оор жаракат алган 127 оорулуулардын арасында 8 бейтап каза тапты. Бул изилдөөдө өлүмдүн жалпы пайызы 6,3% түздү.

  • ООР БАШ-МЭЭ ЖАРАКАТЫНДАГЫ КЛИНИКАЛЫК ЖАНА НЕЙРОВИЗУАЛИЗАЦИЯЛЫК МААЛЫМАТТАРДЫН КОРРЕЛЯЦИЯСЫ

    М.М. Базарбеков, М. Авазали уулу, А.Т. Бакасов, А.М. Насиров, Ж.И. Кудайбердиева, Т. Абдыкапар уулу
    30-36 114
    Аннотация

    Макалада оор баш-мээ жаракатынан жабыркаган 128 бейтаптын клиникалык жана нейровизуализациялык жыйынтыктарына талдоо берилген. Бейтаптардын курагы 16 жаштан 85 жашка чейин болгон, 69 бейтапка операция жасалган. Бардык бейтаптар эс-учунун терең бузулуулары менен келип түшүшкөн: сопордо - 17 киши (Глазго шкаласы боюнча 7-9 балл ), комада 119 (Глазго шкаласы боюнча 3-5 балл). Бейтаптарда ар кандай жайгашуудагы баш-мээнин эзилүүсү аныкталган.

  • БАЛДАРДЫН АППЕНДИКУЛЯРДЫК ПЕРИТОНИТТЕРИНИН ОСУУ ДИНАМИКАСЫ ЖАНА АНЫ ДАРЫЛООНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

    Т.О. Омурбеков, У.Д. Орозоев, М.Ж. Самсалиев, В.Н. Порощай
    37-42 151
    Аннотация

    Корутунду. Макалада сокур ичегинин курч сезгениши жана анын татаалдашкан формаларын оперативдик кийлигишуулорунун санына анализ жасалган. Аппендикулярдык перитониттерде мээлей дренажын пайдалануу операциядан кийинки мезгилдеги акыркы жыйынтыктарды жакшыртат.

  • ОПЕРАЦИЯ УБАГЫНДАГЫ ЭХИНОКОККОЗ ДАРТЫНЫН КАЙТАЛАНМА ТYРЛӨРYНYН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ

    М.Ж. Алиев, Т.А. Калыбеков, Р.М. Баширов, Б.С. Ниязов
    43-47 139
    Аннотация

    173 бейтаптын эхинококк мите курттарын декасан аралашмасы менен зыянсыздандыруу боюнча жыйынтыктар көрсөтүлгөн. Анда декасан антисептигинин 4-5 мүнөттүк экспозициясы жана фиброздук чел кабыкка куйуусу дагы бир жолу такталды. Бул көрсөтмө эхинококкоз дартынын кайталанма түрүнүн алдын алуу үчүн колдонулду. Операциядан кийинки байкоолордо кабылдоолор жана дарттын кайталанма түрү болгон жок.

  • КӨКҮРӨК ЖАРАКАТТАРЫНДА ТОРАКОТОМИЯ ЖАСОО ЖАНА ДРЕНАЖ КОЮУ (АДАБИЯТТАРГА СЕРЕП ЖАСОО)

    А.А. Сопуев, М.З. Султакеев, М.М. Ташиев, Т.М. Касымбеков, А.К. Кадыров
    48-60 187
    Аннотация

    Адам өмүрүнүн алгачкы төрт он жылдыгында жаракаттар анын өлүмүнүн негизги себеби болуп эсептелет. Бирок, көкүрөк жаракаттары инвазивдик кийлигишүүлөрүн чанда талап кылат. Атап айтканда, гемоторакс, пневмоторакс же гемопневмоторакска алып келүүчү плевра бүтүндүгүнүн бузулушунда плевра дренажын коюу керек болот. Гематоракста адаттагыдай диаметрде плерва көңдөйүнүн дренажы колдонулуп келгенине карабастан, акыркы маалыматтар бул ыкмага күмөн келтирип, кичинекей диаметрдеги дренаждардын жана «Pigtail» сыяктуу катетерлердин жакшы мүнөздөмөлөрүн көрсөтүп жатат. Плевра көңдөйүнө дренаж коюу күнүмдүк хирургиялык манипуляция болгонуна карабастан, өлүмгө чейин алып келе турган дарт татаалданууларын алдын алуу үчүн билим деңгээлин жогорулатып, практикалык тажрыйба алуу маанилүү болуп эсептелет. Көкүрөк жаракаттарында хирургиялык ревизия өтө чанда жасалып 3%дан кемин түзөт. Хирургиялык ревизия көкүрөк көңдөйүнө тешип кирген жаракаттарда тукул жаракаттарга караганда көп жасалат. Бул учурларда алдынкылатералдык торакотомия кылынат, кээ бирде «бүктөмө» же «жарымбүктөмө» түрүндөгү хирургиялык кирүү аткарылат. Кээ бир оорулууларда минималдуу инвазивдик ыкмалар
    колдонулат. Чоң рандомизацияланган изилдөөлөр көкүрөк жаракаттарын жаңы хирургиялык даарылоо ыкмаларына баа берүү жана аларды стандартташтыруу үчүн дагы эле керек.

  • КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧТҮН КҮЙҮКТӨН КИЙИНКИ СТРИКТРУРАСЫНЫН (БҮТӨЛҮП КАЛЫШЫ) ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООСУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

    А.А. Самаков, Т.А. Акматов, К.С. Сыдыгалиев, А.Т. Тойгонбаев, А.К. Мамбетов, М.М. Бигишиев, Б. Кадыраалы, А. Жумабекова
    61-66 100
    Аннотация

    Корутунду. Улуттук хирургия борборунда 12 оруулуга кызыл өңгөчтүн күйүктөн кийинки стриктурасы (бүтөлүк калышы) боюнча хирургиялык жол менен дарылоонун жыйынтыгы изелденген. 7 оруулуга ретростерналдык эзофагоколо-анастомоз, 4 оруулуга кызыл өнгөч толук алынып анын ордуна көкурөк көнгөйдун арт жагына эзофагогастроанастомоз жана 1 оруулуга фарингокологасроанастомоз салыган.

ЭКСПЕРТТИК ИШМЕРДИГИ МАСЕЛЕЛЕРИ

ЮБИЛЕЙЛЕР

  • ПРОФЕССОР КУТТУБЕК УСЕНБАЕВИЧ АКЫНБЕКОВДУН 70 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИНЕ КАРАТА

    З.А. Айдаров, А.А. Орозалиева, Д.Д. Ибраимова
    74-79 100
    Аннотация

    Корутунду. Макала көрүнүктүү окумуштуу, педагог, саламаттыкты сактоонун уюштуруучусу, медицина илимдеринин доктору, профессор Куттубек Усенбаевич Акынбековго арналган. Макалада анын өмүр баяны, эмгек жолу, ошондой эле мекенибизде билимдин жана медицина илиминин өнүгүнүшүнө кошкон эбегейсиз зор салымдары, коомдук саламаттык сактоодогу жетишкендиктери көрсөтүлгөн.