КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭХИНОКОККОЗДУН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АСПЕКТТЕРИ
DOI:
https://doi.org/10.54890/.v1i1.898Аннотация
Борбордук Азиянын жана Россиянын көптөгөн аймактарында акыркы жылдары эхинококкоз менен ооругандардын саны өсүүдө. Цистикалык эхинококкоз менен ооруган хирургиялык оорулуулардын операциядан кийинки өлүмүнүн көрсөткүчү мурдагыдай эле орто эсеп менен 2,2%ды түзөт, хирургиялык операциядан кийин 6,5% учурларда узак калыбына келтирүү мезгилин талап кылган рецидивдер байкалат. Изилдөөнүн максаты Кыргыз Республикасында эхинококкоздун ооруусунун жана таралышынын структурасын талдоо. 2001-2022-жылдар аралыгындагы жугуштуу жана мите оорулардын, анын ичинде эхинококкоздун оорушу жана таралышы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматтарына талдоо жүргүзүлгөн. 2018-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде экинчи даражадагы ооруканада (Бишкек ш. №1 шаардык клиникалык оорукана) эхинококкоз менен операция жасалган 1024 бейтаптын оору тарыхынын эпидемиологиялык жана лабораториялык- инструменталдык маалыматтарына ретроспективдүү талдоо жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасында эхинококкоз оорусу 2001 жылдан 2021-жылга чейин жылдык өсүү темпи 14,6% менен 2,6 эсеге өсүп, 2015-жылга карата 100 миң калкка 19,2ге жеткен, андан кийин 2021-жылы 100 миң калкка 9,9га чейин төмөндөгөн. 2019-021- жылдары эхинококкоздун жаңы учурларынын санын кыскарту, биздин оюбузча , диагностикалык иш-чаралардын жетишсиз деңгээлин, калктын миграциясын жана өлкөнүн социалдык- экономикалык жана санитардык эпидемиологиялык абалынын начарлашын көрсөтөт. Эхинококкоз эмгекке жарамдуу курактагы (орточо жашы 35±16 жаш), көбүнчө айыл жеринде (67,3%) эт жегичтер менен тыгыз байланышта болгондордо (58,4%) көп кездешкен. Операцияланган бейтаптардын арасында эхинококкоздун татаал формалары 64,7% басымдуулук кылат, бул ооруканага жаткыруу мөөнөтүн 5,3±2,4 күнгө көбөйттү.
Ключові слова:
эхинококкоз, паразитоз, оору, эпидемиологиялык абал.Посилання
1. Всемирная Организация Здравоохранения [Электронный ресурс]. Эхинококкоз. Женева:ВОЗ. Режим доступа: https://www.who.int/ru/news-room/fact-sheets/detail/echinococcosis
2. Усубалиева Ж.М., Раимкулов К.М., Тойгомбаева В.С. Эпидемиологическая ситуация по заболеваемости эхинококкозами в Кыргызской Республике. Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. 2015;4:102-104. [Usubalieva ZH.M., Raimkulov K.M., Tojgombaeva V.S. Epidemiologicheskaya situaciya po zabolevaemosti ekhinokokkozami v Kyrgyzskoj Respublike. Nauka, novye tekhnologii i innovacii Kyrgyzstana. 2015;4:102-104. (in Russ.)]
3. Раимкулов К.М., Тойгомбаева В.С., Куттубаев О.Т., Абдыжапаров Т.А., Бабаджанов Н.Н. Эпидемиологическая ситуация по эхинококкозам в Кыргызской Республике. Вестник КГМА им. И.К.Ахунбаева. 2019;3:31-36. [Raimkulov K.M., Tojgombaeva V.S., Kuttubaev O.T., Abdyzhaparov T.A., Babadzhanov N.N. Epidemiologicheskaya situaciya po ekhinokokkozam v Kyrgyzskoj Respublike. Vestnik of KSMA named after I.K. Akhunbaev. 2019;3:31- 36. (in Russ.)]
4. Acosta-Jamett G, Hernández FA, Castro N, Tamarozzi F, Uchiumi L, Salvitti JC et al. Prevalence rate and risk factors of human cystic echinococcosis: A cross -sectional, community-based, abdominal ultrasound study in rural and urban north-central Chile. PLoS neglected tropical diseases. 2022;16(3):e0010280. https://doi.org/10.1371/journal.pntd.0010280
5. Аракельян Р.С., Ирдеева В.А., Галимзянов Х.М., Ахминеева А.Х., Аракелянц О.А. Клинико-эпидемиологические аспекты эхинококкоза человека в Астраханской области за 2001-2020 гг. Лечащий Врач. 2023; 3 (26): 58-63. https://doi.org/10.51793/OS.2023.26.3.010
6. Torgerson PR, Craig P. Updated global burden of cystic and alveolar echinococcosis. Report of the WHO Informal Working Group on cystic and alveolar echinococcosis surveillance, prevention and control with the participation of the Food and Agriculture Organization of the United Nations and the World Organization for Animal Health. Geneva: World Health Organization; 2011. https://doi.org/10.1371/journal.pntd.0000722
7. Karshima SN, Ahmed MI, Adamu NB, Magaji AA, Zakariah M, Mohammed K. Africa-wide meta-analysis on the prevalence and distribution of human cystic echinococcosis and canine Echinococcus granulosus infections. Parasit Vectors. 2022; 15(1): 357. PMID: 36199100; PMCID: PMC9535855. https://doi.org/10.1186/s13071-022-05474-6
8. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики. Число новых случаев заболеваний инфекционными и паразитарными заболеваниями. Режим доступа: http://www.stat.kg/ru/opendata/category/260/
9. Кармазановский Г.Г., Степанова Ю.А., Кондратьев Е.В., Сташкив В.И. Эхинококкоз печени: трудности диагностики на ранних стадиях развития и при осложненном течении (обзор литературы). Анналы хирургической гепатологии. 2021;26(4):18-23. https://doi.org/10.16931/1995-5464.2021-4-18-23
10. Иманкулова А.С. Оптимизация профилактики инфекций в области хирургического вмешательства в абдоминальной хирургии с учетом факторов, ассоциированных с риском их возникновения [диссертация]. Бишкек; 2011.
11. Бебезов Б.Х., Бебезов Х.С., Уметалиев Т.М., Мамашев Н.Д., Суров Э.А., Рыспеков Б.З. и др. Расширенные резекции печени при альвеококкозе. Вестник Кыргызско-Российского Славянского университета. 2022;22(1):23-29. https://doi.org/10.36979/1694-500X-2022-22-1-23-29
12. Токтогазиев Б.Т., Хамиджонов Е.Х., Оморов К.Р., Миклухин Д.С. Лапароскопический метод лечения сочетанного эхинококкоза печени и большого сальника. Клинический случай. Здравоохранение Кыргызстана. 2022;1:72-76. https://doi.org/10.51350/zdravkg2022311072