ТҮЗӨТҮҮ КОЛОНИЯЛАРЫНДАГЫ СОТТОЛГОНДОРДУН ТАРАГАН ООРУЛАРЫНЫН ЖАНА ӨЛҮМҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ ЖАНА ТҮЗҮМДҮК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
DOI:
https://doi.org/10.54890/.v5i5-6.84Аннотация
Макалада №1, 3, 8, 10, 16, 27, 47 оңоп-түзөө колонияларынын контингенттеринин арасында кезиккен ооруларды мониторинг кылуунун натыйжасы жазылган. №3, 16 жана 47 оңоп-түзөө колонияларында ашказан-ичеги системасынын оорулары басымдуулук кылганы аныкталды. Табарсык-жыныс системасынын оорулары №1 колонияда 26%, № 8 колонияда 37% контингенттеринде кезиккен. Кан-тамыр системасынын оорулары деерлик бардык колониялардын контингенттеринин арасында бар, бирок салыштырмалуу ашказан-ичеги, табарсык-жыныс системаларынын ооруларынан бир топ төмөн кезигип 6% дан 11% га чейин болду, дем алуу системасынын оорулары – андан да аз (3% дан 6% га чейин) кезикти.Психикалык жана наркологиялык бузулуулар №16 колонияда жокко эсе, ошол эле убакта нерв системасынын оорусу бардык колонияларында (9% дан 24% га чейин) кезиккен.
Ключові слова:
Оңоп-түзөө колониясы, контингент, оорукчандык, медициналык кызматкерлерПосилання
1. Колопов.А.С., Мукашев.М.Ш., Турганбаев.А.Э., Асанов.Б.А., Степень соблюдения национальных стандартов качества предоставления медицинской помощи в изоляторах временного содержания. // Судебная медицина: вопросы, проблемы, экспертная практика. г.Омск, 6-7 июня. 2019 г. – 2019. - 5 (26). - С. 70-77.
2. Специальный доклад “Соблюдение права на охрану здоровья в исправительных колониях для мужчин Государственной службы исполнения наказаний при Правительстве Кыргызской Республики / под рук. Мамытова Т.Б., Колопова А.С. – Бишкек: ОБСЕ/ Програмный офис ОБСЕ в Бишкеке, 2019. – 80 с.