БИЙИК ТООЛУУ ШАРТТА ЖYРӨК-КАН ТАМЫР СИСТЕМАСЫНЫН ФУНКЦИОНАЛДЫК АБАЛЫНА МУЗЫКАТЕРАПИЯНЫН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
DOI:
https://doi.org/10.54890/.v1i1.506Аннотация
Биздин изилдөө ишибиздин максаты бөксө тоолуу аймактарда жашаган, бийик тоолуу шартта кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин вегетативдуу-нерв системасынын функционалдык абалына кыргыз улутуна тийиштүү багыттагы музыкатерапиянын тийгизген таасирине баа берүү болуп саналат. Алдыбызга комуз, ооз комуз сыяктуу улуттук музыкалык аспаптардын жардамы менен кыргыз улуттук музыкаларынын
вегетативдуу нерв системасынын тонусуна жана реактивдүүлүгүнө кандай таасир бере тургандыгын аныктоо максатын койгонбуз. Бөксө тоолуу аймактарда жашап, Нарын шаарында (деңиз деңгээлинен 2679 метр бийиктиктеги) аскер кызматын өтөп жатышкан 18-22 жаш курактагы 23 аскер кызматкери жүрөк ритминин спектралдык анализи методу аркылуу изилдөөгө алынды. Биздеги маалыматтарга ылайык изилдөөгө алынгандарда вегетативдик реактивдүүлүктүн парасимпатикалык түрү көбүрөөк экендиги аныкталды.
Ключові слова:
музыкатерапия, жүрөк-кан тамыр системасы, вегетативдуу нерв системасы, бийик тоо, угуу анализатору, жүрөк ритми.Посилання
1. Шушарджан С.В. Руководство по музыкотерапии. -Л.: Медицина, 2005. - 450 с.
2. Агаджанян, Н.А., Смирнов В.М. Нормальная физиология. - М.: Москва, 2012. - 576 с.
3. Жемайтите Д.Н. Вегетативная регуляция синусовогоритма сердца у здоровых и больных. / / Анализ сердечного ритма. Под. Ред. Д. Жемайтите. - Л.:Моклас, 1982. -110 с.