БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМДЕГИ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ, АНЫН ЖАШОО САПАТЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

DOI:

https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-177

Аннотация

Бул макалада жасалма интеллекттин дүйнөлүк билим берүү жана илимий процесстердин трансформациясына тийгизген таасири, ошондой эле анын жашоо сапатынын өзгөрүүдөгү натыйжалары каралат. Изилдөөнүн максаты болуп, жасалма интеллектти колдонуунун негизги аспектилерин, анын артыкчылыктарын жана ага байланышкан кемчиликтерди аныктоо болуп эсептелет. Талдоо үчүн сурамжылоо жүргүзүлүп, ошондой эле жасалма интеллектини киргизүү боюнча илимий макалалар, отчёттор пайдаланылган. Изилдөөнүн объектиси катары билим берүү системаларында жасалма интеллектинин колдонушу боюнча пикирлер (окуу процессинде студенттердин, окуучулардын жана мугалимдердин көз карашынан каралган оң жана терс тараптары), күнүмдүк турмуштагы колдонушу (навигация, маршруттарды оптималдаштыруу; акылдуу түзмөктөр, акылдуу үй; ден-соолук жана фитнес, ден-соолук тууралуу маалыматтарды талдоо, физикалык форманы сактоого жардам берүү), ошондой эле илимде колдонулушу (илимди өнүктүрүүнүн куралы катары, анын пайдалуу же терс таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгү) каралган. Жасалма интеллектинин билим берүүнү жекелештирүү жана илимий изилдөөлөрдү оптималдаштыруу жаатындагы эффективдүүлүгүн аныктоо максатында жүргүзүлгөн анализ жасалма интеллект адамга караганда бир топ убакыт талап кылуучу иштерди бир нече секунд ичинде аткара аларын көрсөттү. Изилдөөнүн жыйынтыгында жасалма интеллект билим алууга жеткиликтүүлүктү кыйла жогорулатары (мисалы, виртуалдык жардамчылар аркылуу) жана илимий ачылыштарды тездетери (рутиналык тапшырмаларды аткарып, алардагы каталарды жоюу аркылуу) аныкталды. Ошондой эле, алынган жыйынтыктар жасалма интеллект кеңири колдонулуп жатканын көрсөткөн, анткени ал маалымат издөөнү жеңилдетип, сабакка даярдануу үчүн убакытты үнөмдөйт. Бирок көпчүлүк адамдарда жасалма интеллект боюнча так түшүнүк калыптана электиги, ал тургай айрым учурларда бейтарап мамиле жасала тургандыгы да аныкталды. Мындан тышкары, этикалык маселелер жана санариптик теңсиздик сыяктуу көйгөйлөр белгиленди. 

Ключові слова:

жасалма интеллект, билим берүү, турмуш сапаты, нейрондук тармак, этикалык төңкөрүштөр, автоматташтыруу, ChatGPT

Біографія автора

Р.А. Сатыбалдиева, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Философия жана коомдук илимдер кафедрасы

Посилання

1. Мешков Н.В., Нам Е.А. Применение искусственного интеллекта в различных сферах жизни человека. Информация-Коммуникация-Общество. 2021;1:191-195.

2. Хомченко О.А., Точинова Т.П. Риски и угрозы, связанные с использованием искусственного интеллекта для современного человека. В кн.: Психология личности в эпоху изменений: социализация, ценности, отношения: материалы Международной научно-практической конференции. Калуга: Калужский государственный университет; 2024:313–316.

3. Алексеева М.Г., Зубов А.И., Новиков М.Ю. Искусственный интеллект в медицине. Международный научно-исследовательский журнал. 2022;7-2(121):10-13.

4. Choi M, Roh HL. Perception Factors of Usefulness and Limitation of ChatGPT that Affect University Students' Intention to Use ChatGPT. Asia-pacific Journal of Convergent Research Interchange. 2023;9(10):523-532. https://doi.org/10.47116/ apjcri.2023.10.42

5. Аксентов В.А. Искусственный интеллект в повседневной жизни: развитие и перспективы. Вестник науки. 2023;8(65):16-18.

6. Сахно В.В., Куринных Д.Ю., Пищаева А.С. Применение искусственного интеллекта в жизни. Вестник Науки и Творчества. 2019;(8):37-39.

7. Мишина О.В. Путь прогресса: как искусственный интеллект помогает в жизни. В кн.: Научные исследования высшей школы по приоритетным направлениям в АПК: материалы международной научно-практической конференции, посвященной Дню Академии; 2023 дек 6; Великие Луки, Россия. Великие Луки: Великолукская государственная сельскохозяйственная академия; 2023:301-303.

8. Хачатрян Л.А. Искусственный интеллект в образовании. Инновационная Наука. 2025;2-1:93-96.

9. Синельникова А.П. Сможет ли искусственный интеллект заменить человека? Вестик Науки.2020;2(23):77-79.

10. Аверин СВ. Развитие искусственного интеллекта как угроза личной и социальной автономии человека. Вестник науки. 2024;12(81):1302-1315.

11. Marques M, Almeida A, Pereira H. The Medicine Revolution Through Artificial Intelligence: Ethical Challenges of Machine Learning Algorithms in Decision-Making. 2024;16(9):e69405 https://doi.org/10.7759/cureus.69405

12. Файзуллаева И.Г. «Искусственный интеллект» и достижения и проблемы человечества. Oriental renaissance: Innovative, educational, natural and social sciences. 2024;4(5):815-823.

##submission.downloads##

Жарыяланганы

2025-12-05

Як цитувати

1.
Сатыбалдиева Р, Халилов А, Халилов У. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМДЕГИ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ, АНЫН ЖАШОО САПАТЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ. ЕЖЗ. 2025;3(3):177-183. doi:10.54890/1694-8882-2025-3-177