КУРАГЫ БИРИНЧИ ЭКИ АЙЛЫК БАЛДАРДА ӨПКӨНҮ ЖЕЛДЕТҮҮ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ПНЕВМОНИЯДА ПНЕВМОТОПТУК КОЗГОГУЧТАРДЫН АНТИБИОТИКТЕРГЕ ТУРУКТУУЛУГУ ЖАНА ЭТИОСТРУКТУРАСЫ
DOI:
https://doi.org/10.54890/.v1i1.232Аннотация
Жыйынтык. Курагы биринчи эки айдагы балдарда өпкөнү желдетүү менен
байланышкан пневмонияда пневмотроптук оору козгогучтардын антибиотиктерге
болгон туруктуулугу жана этиоструктурасы изилденди.
Материалдар жана изилдөө ыкмалар. Изилдөө объектиси болуп өпкөнү желдетүү
менен байланышкан пневмониялуу 98 бала болду. Эндотрахеалдык түтүктөн
биоматериалды алуу, биз иштеп чыккан контоминациясыз коопсуз корголгон ыкма
аркылуу вакуум – аспиратор менен жүргүзүлдү. Микробиологиялык изилдөөдө,
төмөнкү азыктуу чөйрөлөр колдонулду: 5% кан агары, шоколад агары, жумуртканын
сары туздуу агары, Сабуро, Эндо чөйрөсү.
Натыйжалар: Өпкөнү жасалма желдетүүгө байланышкан пневмониянын
этиоструктурасында грамм терс флора (53,42% каршы31,96%<0,05), жетилип жана ара
төрөлгөн балдарда (Р>0,05) дээрлик бирдей басымдуу катышта болду. Неонатологияда
кеңири колдонулчу бардык антибиотиктерге пневмопатогендүү грамм оң микрофлора
2чи 3чү муундагы пенициллиндерге, цефалоспориндерге жана 1чи муундагы
макролиддерге жогорку туруктуулугу аныкталды. Неонатология практикасында
колдонулчу грамм терс пневмопатогендүү микрофлора дээрлик бардык
антибиотиктерге туруктуу.
Ключові слова:
Өпкөнү желдетүү менен байланышкан пневмония, антибиотиктерге туруктуулук, грамм – оң микрофлора, грамм-терс микрофлора, ымыркайлар, ара төрөлгөн, жетилип төрөлгөн балдар, реанимация бөлүмү, эки айга чейинки балдар.Посилання
1. Latania K L, Robert A W. The Epidemiology of Carbapenem-Resistant Enterobacteriaceae: The Impact and Evolution of a Global Menace. Оfficial journal of the Infectious Diseases. Letters. 2017;15(1):28-36. http://doi.org/10.1093/infdis / jiw282.
2. Kathleen C, Molly H, Jeffrey S G, Pranita D T. Treatment of Carbapenem-Resistant Enterobacteriaceae Infections in Children. Journal of the Pediatric Infectious Diseases Society. Letters. 2020;9(1):56-66. http://doi.org/10.1093 / jpids /piz085.
3. Aimee M D, David P N, Jennifer E G. Management of Pneumonia in the Pediatric Critical Care Unit. An Area for Antimicrobial Stewardship. Current Pediatric Reviews. Letters. 2017;13(1):49-66. http://doi.org/10.2174/1573396312666161205102221.
4. Mark L M, Andre C K. Management of Ventilator-Associated Pneumonia: Guidelines. Clinics in Chest Medicine. Letters. 2018;39(4):797-808 http://doi.org/10.1016/j.ccm.2018.08.002
5. Izeta S, Husref T, Vincenzo Di C, Cinzia A. Bacterial sepsis in neonates: Single centre study in a Neonatal intensive care unit in Bosnia and Herzegovina. Acta Medica Academica. Letters. 2017;46(1):7-15. http://doi.org/10.5644/ama2006-124.181.
6. Shrey M, Aline F, Julia B, Johannes Van D, Mike S. Antibiotic use for community-acquired pneumonia in neonates and children: WHO evidence review. Paediatrics and International Child Health. Letters. 2018;38(1):66-75. http://doi.org/10.1080/20469047.2017.1409455.
7. Sujata B, Sangita S, Shyam K M, Hari P K, Keshab P, Jeevan B S. Biofilm Formation by Pathogens Causing Ventilator-Associated Pneumonia at Intensive Care Units in a Tertiary Care Hospital: An Armor for Refuge. BioMed Research International. Letters. 2021. http://doi.org/10.1155/2021/8817700
8. Chand W, Neeraj G. Pediatric Blood Cultures and Antibiotic Resistance: An Overview. Indian Journal of Pediatrics. Letters. 2020;87(2):125-131. http://doi.org/10.1007 / s12098-019-03123-у