ПЕНИТЕНЦИАРДЫК МЕКЕМЕЛЕРДЕ АЯЛДАРДЫН КОНТИНГЕНТИНЕ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМДЫН УЮШТУРУЛУШУНУН МАСЕЛЕЛЕРИ
DOI:
https://doi.org/10.54890/.v3i3.200Аннотация
Корутунду. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренеси мамлекеттин медициналык жактан тейлөөнүн шарттарын түзүүнүн милдеттерин жана ар кимдин ден соолугун сактоосу менен коргоосун камсыздай турган укугун бекемдешин көрсөтөт. Бул мыйзам жабык мекемелерге карата колдонула турган медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаттык жактан жеткиликтуу болушуна да тиешелуу болот. Бул багытта аялдардын № 2 түзөтүү мекемесиндеги медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаттык тейлоо жумуштарына изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Текшерүүдө элементардык нерселердин: ооруну басаңдатуучу каражаттардын, антибиотиктердин, гинекологиялык кароолор үчүн колкаптардын жоктугу жана стоматологиялык жардам көрсөтүүнүн каражаттарынын жоктугу аныкталды (керектүү дары-дармектерди, каражаттарды соттолгон аялдар өздөрү сатып алууга мажбур болушат). Жогорудагы фактылардын негизинде сунуш кылынат: жабык жайлардагы адамдардын ден соолугун сактоо, коргоо үчүн тиешелүү ыйгарымдуу органдын иштөөсүндө алар үчүн керектүү деңгээлдеги тейлөө иштерин жакшыртуу жана жоопкерчилигин жогорулатуу жагы каралган.
Ключові слова:
укуктар, ден соолукту сактоо, коргоо, жабык мекемелер, аялдар.Посилання
1. Конституция Кыргызской Республики от 27.06.2010 года. - Бишкек, 2016.
2. Специальный доклад Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики. - Бишкек, 2017.
3. Уголовно-исполнительный кодекс КР
4. Минимальные стандартные правила обращения с заключенными, приняты на первом Конгрессе ООН по предупреждению преступности и обращению с правонарушителями, состоявшемся в Женеве в 1955 году и одобрены Экономическим и Социальным советом в его резолюциях 663 (XXIV) от 31 июля 1957 года и 2076 от 13 мая 1977 года, правило 52.
5. Минимальные стандартные правила, правило 10.
6. Минимальные стандартные правила, правило 20.