ДИСПЛАСТИКАЛЫК КОКСАРТРОЗДОРДО АЛГАЧКЫ ЭНДОПРОТЕЗДӨӨ
DOI:
https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-133Аннотация
2006-жылдан 2021-жылга чейин Бишкек травматология жана ортопедия илимий- изилдөө борборунда биздин байкообузда 377 диспластикалык коксартроз менен 16 жаштан 68 жашка чейинки бейтаптар болгон, алар чет элдик фирмалардын эндопротездерин колдонуу менен жамбаш муундарын толук алмаштырышкан. Оорулууларды байкоо убактысы 6 айдан 15 жылга чейин болгон. Диспластикалык коксартроз менен ооруган бардык бейтаптар J.F. Crowe классификациясына ылайык, жамбаш башынын сублюксациясына (проксималдык миграциянын чоңдугу) жараша дисплазия даражасын аныктоочу үч топчого бөлүнгөн. Биринчи топчого 176 бейтап бөлүштүрүлгөн, аларга I даражадагы дисплазия фонунда жамбаш муундарын тоталдык алмаштыруу боюнча 230 операция жасалган, экинчисине дисплазиянын II жана III даражасы менен жабыркаган 132 бейтап, алар 152 муундун эндопротездөөсүнө дуушар болгон жана жана үчүнчү топчого – 69 бейтап, дисплазиянын IV даражасынын фонунда 70 жамбаш муундарын алмаштырган (жамбашынын жогорку чыгып кетиши менен).
Жамбаш муунун алмаштырууда ацетабулярдык компоненттин сөөк менен камтылышынын кемчиликтер маселесин чечүү үчүн биз математикалык эсептөөнүн методун иштеп чыктык жана практикага киргиздик. Анын жардамы менен математикалык модел аркылуу оптималдуу өлчөмү түзүлөт. Эндопротездөөдө ацетабулярдык компоненти үчүн жумушчу бети пайызменен эсептелет.
Алынган маалыматтарды статистикалык талдоо жана диспластикалык коксартроз менен ооругандарды дарылоонун натыйжаларын жалпы эндопротездөө ыкмасын колдонуу менен баалоо байкоолордун 84,6%ында оң динамикасын аныктады.
Ключові слова:
дисплазиялык коксартроз, тоталдык эндопротездоо, имплантат, соок цементиПосилання
1. Teplenkiy MP, Kaminsky AV, Fozilov DT. The effect of previous surgical treatment on the outcome of total hip replacement in young patients with dysplastic coxarthrosis. Genij Ortopedii. 2023;29(5):481-486. https://doi.org/10.18019/ 1028-4427-2023-29-5-481-486
2. Eremin IK, Daniliyants AA, Zagorodniy NV. Comparative evaluation of the clinical efffcacy and safety of surgical approaches in total hip arthroplasty. Genij Ortopedii. 2023;29(4):438-448. https://doi.org/10.18019/1028-4427-2023-29-4-438-448
3. Калчаев Б.Н. Способ эндопротезирования тазобедренного сустава при высоком врожденном вывихе бедра. Медицина Кыргызстана. 2012;1:34-36.
4. Basit S, Alharby E, Albalawi AM, Khoshhal KI. Whole genome SNP genotyping in a family segregating developmental dysplasia of the hip detected runs of homozygosity on chromosomes 15q13.3 and 19p13.2. Congenit Anom (Kyoto). 2018;58(2):56-61. https://doi.org/10.1111/cga.12235
5. Harsanyi S, Zamborsky R, Krajciova L, Kokavec M, Danisovic L. Genetic Study of IL6, GDF5 and PAPPA2 in Association with Developmental Dysplasia of the Hip. Genes (Basel). 2021;12(7):986. Published 2021 Jun 28. https://doi.org/10.3390/ genes12070986
6. Джамалбекова Э.Ж., Байгараев Э.А. Комплексная диагностика и сравнительное лечение дисплазии тазобедренных суставов у детей. Вестник КГМА им. И.К. Ахунбаева. 2018;2:54-57.
7. Tachdjian M.O., ed. Tachdjians pediatric orthopaedics: from the Texas Scottish Rite Hospital for Children. Elsevier Health Sciences; 2014.
8. Денисов А.О., ред. Диспластический коксартроз на фоне врожденного вывиха бедра и другие диспластические коксартрозы: клинические рекомендации. С-Петербург: ФГБУ «РНИИТО им. Р.Р. Вредена; 2013. 28 с.
9. Feldman GJ, Parvizi J, Sawan H, Erickson JA, Peters CL. Linkage mapping and whole exome sequencing identify a shared variant in CX3CR1 in a large multi-generation family. J Arthroplasty. 2014;29(9):238–241. https://doi.org/ 1010.1016/j.arth.2014.05.014
10. Zhang J, Yan M, Zhang Y, Yang H, Sun Y. Association analysis on polymorphisms in WISP3 gene and developmental dysplasia of the hip in 39 Han Chinese population: A case-control study. Gene. 2018;20;664:192–195. https://doi.org/ 1010.1016/j.gene.2018.04.020