КЛИНИКАЛЫК ОКУЯ: БААРДЫК ГЕНИАЛДУУ НЕРСЕ - ЖӨНӨКӨЙ ЖЕ ЧЫЧАҢДЫН ООРУКСУНУУСУ ЖҮЛҮНДҮН МЕНИНГИОМАСЫНАН АРТЫК БОЛГОНДО?

DOI:

https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-73

Аннотация

Клиникалык окуяда жүлүндүн менингиомасын өзгөчөлөнгөн хирургиялык дарылоосу чагылдырылган. Омуртка каналынын кысылуусун жойгондон кийин неврологиялык оору белгилери азайгандай сезилген, бирок бейтаптын чычаң ооруксунуусу тынымсыз болгондугуна байланыштуу, биз кайра-кайра дарылоого аргасыз болдук. Белгилей кетчү нерсе, жүлүн менингиомалары жүлүндүн бардык баштапкы шишиктеринин 15-30% түзөт. Менингиома 85-90% учурларда 50-70 жаштагы аялдарда байкалат. Көкүрөк жана бел омурткаларынын менингиомалары чел кабык менен капталып, көлөмү 2-3 см. жетет. Айланадагы жумшак ткандардан жакшы чектелген , туура эмес сүйрү формада, жүлүндүн 1-2 сегменттеринин деңгээлинде жайгашат. Омуртканын менингиомаларынын эң кеңири таралган, дебюттук клиникалык көрүнүшү – бул биздин бейтапта да байкалган гипоестезия, парестезия түрүндөгү сезгичтиктин бузулушу – 56% да кездешет. Менингиомалардын сегменттик локализациясына карабастан, терең сезгичтиктин жоголушуна караганда үстүртөн сезгичтиктин жоголушу көбүрөөк байкалат. Бирок, тынымсыз жана туруктуу чычаңдын ооруп туруп алышы, мындан ары дарылоо тактикасын тандоодо бизди бир аз бушайман кылды.
Жергиликтүү инъекциялык терапиянын арсеналы: сакралдык жана пресакралдык блокададан баштап акупунктурага, шок толкун терапиясына жана анестетик дарыны электрофорез менен берүүгө чейин бардык. Ал эми өзгөчө нерсеси, хирургиялык кийлигишүүнү колдонуу менен гана – чычаңды алып таштап – анын ооруксунуусун жоготтук. Узак мөөнөттөн кийинки текшерүү, биз, чычаңдын резекциясын туура колдонгонубузду тастыктады.

Ключові слова:

жүлүндун менингиомасы, жүлүн өткөөлүнүн кысылуусу, шишикке жетүү үчүн омуртканын догочосун алуу , чычаңдын ооруксунуусу

Біографії авторів

С.А. Джумабеков, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасы

Ж.Д. Сулайманов, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасы

 

Посилання

1. Achey RL, Gittleman H, Schroer J, Khanna V, Kruchko C, Barnholtz-Sloan JS. Nonmalignant and malignant meningioma incidence and survival in the elderly, 2005–2015, using the Central Brain Tumor Registry of the United States. Neuro Oncol 2019;21(3):380-391. https://doi.org/10.1093/neuonc/noy162

2. Magill ST, Young JS, Chae R, Aghi MK, Theodosopoulos PV, McDermott MW. Relationship between tumor location, size, and WHO grade in meningioma. Neurosurg Focus. 2018;44(4):E4. https://doi.org/10.3171/2018.1.FOCUS17752

3. Bir SC, Maiti TK, Bollam P, Nanda A. Felix Platter and a historical perspective of the meningioma. Clin Neurol Neurosurg. 2015;134:75-78. https://doi.org/10.1016/ j.clineuro.2015.02.018

4. Patra DP, Savardekar AR, Dossani RH, Narayan V, Mohammed N, Nanda A. Meningioma: The Tumor That Taught Us Neurosurgery. World Neurosurg. 2018;118:342-347. https://doi.org/10.1016/j.wneu.2018.06.017

5. Verhoeven V, Vrints I, De Keyser J, Menovsky T, Thiessen F, Tondu T. A contemporary and a historical patient with an ectopic meningioma. Acta Chir Belg. 2019;119(4):254-258. https://doi.org/10.1080/00015458.2018.1438561

6. Turliuc MD, Turliuc S, Cucu AI, Tamas C, Carauleanu A, Buzduga C, et al. Through clinical observation: the history of priapism after spinal cord injuries. World Neurosurg. 2018;109:365–367. https://doi.org/10.1016/j.wneu.2017.10.041

7. Onken J, Obermuller K, Staub-Bartelt F, Meyer B, Vajkoczy P, Wostrack M. Surgical management of spinal meningiomas: focus on unilateral posterior approach and anterior localization. J Neurosurg Spine. 2018;30(3):308-313. https://doi.org/10.3171/2018.8.SPINE18198

8. Усанов Е.И., Коваленко Р.А., Простомолотов М.Н. Удаление опухолей спинного мозга и конского хвоста из интерлами-нэктомического доступа. Нейрохирургия. 2013;4:75-78. https://doi.org/10.17650/1683-3295-2013-0-4-75-78

9. Пташников Д.А., Усиков В.Д. Результаты хирургического лечения больных с доброкачественными опухолями позвоночника. Хирургия позвоночника. 2005;4:061-065. https://doi.org/10.14531/ss2005.4.61-65

10. Gilard V, Goia A, Ferracci FX, Marguet F, Magne N, Langlois O, et al. Spinal meningioma and factors predictive of post-operative deterioration. J Neurooncol. 2018;140(1):49-54. https://doi.org/10.1007/s11060-018-2929-y

11. Koeller KK, Shih RY. Intradural Extramedullary Spinal Neoplasms: Radiologic-Pathologic Correlation. Radiographics. 2019;39(2):468-490. https://doi.org/ 10.1148/rg.2019180200

12. Оморов Р.А., Осмоналиев Б.К., Бейшенбаев К.Р., Джамалиев Б.Р., Кубанычбеков Т,К. Пресакральная тератома с нагноением: редкое клиническое наблюдение. Вестник КГМА им. И.К. Ахунбаева. 2019;4:39-45.

##submission.downloads##

Жарыяланганы

2024-10-31

Як цитувати

Джумабеков, С., А. Мырзахат уулу, Ж. Сулайманов, і М. Сабыралиев. «КЛИНИКАЛЫК ОКУЯ: БААРДЫК ГЕНИАЛДУУ НЕРСЕ - ЖӨНӨКӨЙ ЖЕ ЧЫЧАҢДЫН ООРУКСУНУУСУ ЖҮЛҮНДҮН МЕНИНГИОМАСЫНАН АРТЫК БОЛГОНДО? ». Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы, вип. 4, вип. 4, Жовтень 2024, с. 73-79, doi:10.54890/1694-8882-2024-4-73.

Номер

Розділ

ТРАВМАТОЛОГИЯ ЖАНА ОРТОПЕДИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ