ЭРТЕ ЖАШ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДА ЖАРАКАТТЫК СУБДУРАЛДЫК ГЕМАТОМАЛАРДЫ АНЫКТОО ЖАНА ДАРЫЛОО
DOI:
https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-3-145Аннотация
Мээнин магниттик-резонанстык томографиясы жана нейросонография субдуралдык гематомаларды аныктоодо маалыматтуу ыкмалар болуп, дарылоо тактикасын тандоодо маанилүү болуп саналат. Эрте курактагы жаш балдарда субдуралдык гематомаларды дарылоодо эң ыңгайлуу нейрохирургиялык ыкма болуп мээ эмгеги аркылуу субдуралдык пункция эсептелет.
Материал жана ыкмалар. Мээнин субдуралдык гематома менен кысылуусу 7 балада аныкталган. Алардын ичинде 3 балада анамнезинде борбордук нерв системасынын перинаталдык жабыркоосу табылган. Калган 4 жабыркаган бала жаракатты өтө жогору эмес бийиктиктен жыгылуудан улам алышкан – керебет жана арабадан жыгылуудан. Ал эми 3 учурда жаракаттын себеби жол-унаа кырсыгы болгон.
Натыйжалар. Мээнин магниттик-резонанстык томографиясында орок сымал өзгөрүлгөн тыгыздык зонасы (процесстин курч фазасынын тыгыз зонасында, төмөн тыгыздык зонасы процесстин хроникалык агымында), жайгашуусу баш-сөөк менен мээ затынын ортосунда болгон. Орто түзүмдөрдүн жылышуусу бардык учурда байкалган. Борбордук нерв системасынын перинаталдык жабыркоосу бар жаш балдарда жаракаттык өзгөрүүлөр менен катар 3 учурда маңдай үлүштүн атрофиясы жана мээ карынчалар системасынын чоңоюусу 4 учурда табылган.
Корутунду. Субдуралдык гематомасы бар эрте курактагы жаш балдарды дарылоодо сөөк- пластикалык трепанациядан тышкары хирургиялык эффективдүү ыкмалар катары фрезолук тешикчелерди жасоо менен агып кирип-чыгып турган дренаж системасын орнотуу, ал дренаж аркылуу субдуралдык мейкиндик санацияланып турат, ошондой эле мээ эмгеги аркылуу нейросонографиянын контролу менен пункция жасоо жолу менен субдуралдык мейкиндик жуулушу эсептелет.
Ключові слова:
баш-сөөк мээ жаракаты, субдуралдык гематома, борбордук нерв системасы, магниттик-резонанстык томография, нейросонография, хирургиялык дарылооПосилання
1. Барашнев Ю.И. Перинатальная неврология. М.:Триада-Х; 2000. 640 с.
2. Якунин В.Б., Ямпольская Э.К. Перинатальные поражения ЦНС. Болезни нервной системы у новорожденных и детей раннего возраста. М.:Медицина; 2007:39-94.
3. Araki T, Yokota H. [Neurosurgical perspectives of non-accidental traumatic brain injury in children]. No To Hattatsu. 2019;41(3):175-180. Japanese
4. Rathore L, Sahana D, Kumar S, Sahu RK, Jain AK, Tawari M, et al. Rapid Spontaneous Resolution of the Acute Subdural Hematoma: Case Series and Review of Literature. Asian J Neurosurg. 2021;16(1):33-43. https://doi.org/10.4103/ ajns.AJNS_380_20
5. Robinson D, Pyle L, Foreman B, Ngwenya LB, Adeoye O, Woo D, et al. Factors Associated with Early versus Delayed Expansion of Acute Subdural Hematomas Initially Managed Conservatively. J Neurotrauma. 2021;38(7):903-910. https://doi.org/10.1089/neu.2020.7192
6. Beucler N. Prognostic Factors of Mortality and Functional Outcome for Acute Subdural Hematoma: A Review Article. Asian J Neurosurg. 2023;18(3):454-467. https://doi.org/10.1055/s-0043-1772763
7. Shin DS, Hwang SC. Neurocritical Management of Traumatic Acute Subdural Hematomas. Korean J Neurotrauma. 2020;16(2):113-125. https://doi.org/10.13004/ kjnt.2020.16.e43
8. Иманкулова А.С., Джумалиева Г.А., Маанаев Т.И., Боронбаева Э.К. Управление качеством медицинской помощи в многопрофильном стационаре. Международный журнал прикладных и фундаментальных исследований. 2022;3:27-31.
9. Nadeem A, Siddiqui T, Rais T, Munsab R, Habib A, Afridi EK, et al. Comparing surgical outcomes: Craniotomy versus decompressive craniectomy in acute subdural hematoma - A systematic review and meta-analysis. World Neurosurg X. 2024;23:100368. https://doi.org/10.1016/j.wnsx.2024.100368
10. Bocca LF, Lima JVF, Suriano IC, Cavalheiro S, Rodrigues TP. Traumatic acute subdural hematoma and coma: retrospective cohort of surgically treated patients. Surg Neurol Int. 2021;12:424. https://doi.org/10.25259/SNI_490_2021