ЖҮЛҮН ЧУРКУЛАРЫ МЕНЕН БАЛДАРДА УРОДИНАМИКАЛЫК БУЗУЛУУЛАРДЫ ДАРЫЛОО ТАЖРЫЙБАСЫ
DOI:
https://doi.org/10.54890/.v5i5.1253Аннотация
«Жүлүн чуркулары менен балдарда уродинамикалык бузулууларды дарылоо тажрыйбасы» деген макалада Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын негизинде жүлүн чуркусун коррекциялоодон кийин бейтаптар туш болгон кыйынчылыктар чагылдырылган. Чуркунун өзүн коррекциялоо канчалык ийгиликтүү аткарылса да, уродинамикалык бузулуулардын өрчүү тобокели кыйла жогору бойдон калууда. Булар негизинен заара калдыктары, табарсык-заара түтүк рефлоксу жана гипер- же гипорефлектордуук табарсыктан улам кайталануучу заара чыгаруучу жолдорунун
инфекциялары. Заара чыгаруу системасындагы бул бузулуулардын баары нормалдуу жашоо менен жашоодо, коомго ыңгайлашууда кыйынчылыктарды жаратып, акырында өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинин өрчүшүнө алып келет. Заара чыгаруу системасынын төмөнкү бөлүктөрүнүн ишин координациялоонун татаал механизми балдардын бул тобун дарылоону кыйындатат. Жүлүн дизррафизми менен дарыланган балдардын анализинде аял жана эркек жыныстын ортосунда пайда болуу жыштыгы 2:1 экени аныкталган. Төрөлгөндөн кийин дароо эле 18 бейтаптын төмөнкү параплегия, 10 бейтапта заараны кармай албай калуу, 4 бейтапта арткы тешиктин алжайышы аныкталган.
Текшерүү жагынан лабораториялык текшерүү ыкмалары (кандын жалпы анализи, жалпы заара анализи, кандын биохимиялык анализи, зааранын бактериологиялык себүүсү) жана инструменталдык ыкмалар (бөйрөктүн жана заара чыгаруу системасынын УДИси, цистография, урография) жүргүзүлдү. 18 (78,2%) балада заара чыгаруу системасынын кайталанган инфекциялары аныкталган. 11 (47,8%) балада заара калдыктары аныкталган. 3 бейтапта уретерогидронефроз аныкталган.
Дарылоодо төмөнкүлөр колдонулган: заара чыгаруу системасынын инфекцияларында уросептиктер; уретерогидронефроз учурунда оң натыйжалар менен табарсыкты мезгил- мезгили менен катетеризациялоо. Антихолинергиялык терапия, жогорку жана төмөнкү заара чыгаруу жолдоруна операциялык кийлигишүүлөр жасалган эмес.
Бул изилдөөнүн маалыматтары бейтаптардын бул тобу үчүн дарылоо жана калыбына келтирүү режимин иштеп чыгууну улантуу зарылдыгын көрсөтүп турат.
Ключові слова:
жүлүн чуркулары, заара чыгаруу системасынын бузулуулары.Посилання
1. Avagliano L, Massa V, George TM, Qureshy S, Bulfamante G, Finnell RH. Overview on neural tube defects: From development to physical characteristics. Birth Defects Res. 2019; 111(19):1455–67. https://doi.org/10.1002/bdr2.1380
2. Sahni M, Alsaleem M, Ohri A. Meningomyelocele. In: StatPearls. Treasure Island (FL): StatPearls Publishing; September 4, 2023.
3. Moussa M, Papatsoris AG, Chakra MA, Fares Y, Dabboucy B, Dellis A. Perspectives on urological care in spina bifida patients. Intractable Rare Dis Res. 2021;10(1):1–10. https://doi.org/10.5582/irdr.2020.03077
4. Kumar SR, Divasha, Sameeullah BH, Rachna P, Sangh M, Kumar R. Neural tube defects: Different types and brief review of neurulation process and its clinical implication. J Family Med Prim Care. 2021;10(12):4383–90. https://doi.org/10.4103/jfmpc.jfmpc_904_21
5. Mazzone L, Hölscher AC, Moehrlen U, Gobet R, Meuli M, Horst M. Urological outcome after fetal spina bifida repair: data from the zurich cohort. Fetal Diagn Ther. 2020;47(12):882-8. https://doi.org/10.1159/000509392
6. Brock 3rd JW, Thomas JC, Baskin LS, Zderic SA, Thom EA, Burrows PK, et al. Effect of prenatal repair of myelomeningocele on urological outcomes at school age. J Urol. 2019;202(4):812–8. https://doi.org/10.1097/JU. 0000000000000334
7. Panicker JN. Neurogenic bladder: epidemiology, diagnosis and manadgment. Semin Neurol. 2020;40(5):569-579. https://doi.org/10.1055/s-0040-1713876
8. Sager C, Barroso U Jr, Bastos JM Netto, Retamal G, Ormaechea E. Management of neurogenic bladder dysfunction in children update and recommendations on medical treatment. Int Braz J Urol. 2022;48(1):31-51. https://doi.org/10.1590/ S1677-5538.IBJU.2020.0989
9. Joseph DB, Baum MA, Tanaka ST, Frimberger DC, Misseri R, Khavari R, et al. Urologic guidelines for the care and management of people with spina bifida. J Pediatr Rehabil Med. 2020;13(4):479-489. https://doi.org/10.3233/PRM-200712
10. Tanaka ST, Paramsothy P, Thibadeau J, Wiener JS, Joseph DB, Cheng EY, et al. Baseline urinary imaging in infants enrolled in Urologic Management to Preserve Initial Renal Function (UMPIRE) protocol for children with spina bifida. J Urol. 2019;201(6):1193–8. https://doi.org/10.1097/JU.0000000000000141
11. Liu T, Ouyang L, Thibadeau J, Wiener JS, Routh JC, Castillo H, et al. Longitudinal Study of Bladder Continence in patients with spina bifida in the National Spina Bifida Patient Registry. J Urol. 2018;199(3):837-843. https://doi.org/10.1016/j.juro.2017.11.048
12. Träff H, Börjesson A, Salö M. Patient-reported outcomes of bladder and bowel control in children with spina bifida. Children (Basel). 2021;8(3):209. https://doi.org/10.3390/children8030209