ӨНӨКӨТ СЕЗГЕНМЕ ДЕМИЕЛИНИЗАЦИЯЛООЧУ ПОЛИНЕЙРОПАТИЯНЫН ТИПТҮҮ ЭМЕС ЖҮРҮШҮ (КЛИНИКАЛЫК УЧУР)

Аннотация

Өнөкөт сезгенме демиелинизациялоочу полинейропатия (ӨСДП) айыктырууга мүмкүн болгон оору, анын жүрүшү жана натыйжасы көбүнчө патогенетикалык дарылоо башталган убакыттан көз каранды, ошондуктан ооруну эрте аныктоо өтө маанилүү. Өз кезегинде, ӨСДПны убагында дарылабоо экинчилик аксонопатия менен коштолот, бул мурун ооруп, бирок учурда белгилери байкалбаган неврологиялык жетишсиздикке, бейтаптардын эмгек жөндөмдүүлүгүнүн жана жашоо сапатынын начарлашына себеп болот. Макаланын максаты коморбиддик патологиядан жабыркаган бейтаптагы өнөкөт сезгенме демилинизациялоочу полинейропатия типтүү эмес формада өткөн клиникалык кырдаалды сүрөттөп берүү. Клиникалык маалыматтар, лабораториялык жана аспаптык изилдөөыкмаларынын жыйынтыктары талдоого алынды. Иммуноглобулинди кан тамыры аркылуу берүү жолу менен дарылоонун натыйжасында бейтаптын абалынын бир топ жакшырганы жана жоголгон кыймылдаткыч функцияларынын калыбына келгени байкалган. Сунуш кылынган клиникалык кырдаал туура жана акыркы диагнозду коюу жолундагы узак жана татаал изденүүнүн үлгүсү болуп саналат. Макала жаш, ошондой эле тажрыйбалуу невропатологдорго, реаниматолог, ревматолог, үй-бүлөлүк дарыгер, кардиолог, терапевт ж.б. чектеш адистиктеги дарыгерлерге пайдалуу болушу мүмкүн.

Ключові слова:

өнөкөт сезгенме демиелинизациялоочу полинейропатия (ӨСДП), аутоиммундук оору, типтүү эмес жүрүш, коморбидтик патология, иммуноглобулин, кыймылдаткыч функциялар.

Біографії авторів

Э.М. Мамытова, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Акад. А.М. Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасы

А.К. Казыбеков, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Акад. А.М. Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасы

Посилання

1. Brun S, de Sèze J, Muller S. CIDP: Current Treatments and Identification of Targets for Future Specific Therapeutic Intervention. Immuno. 2022;2(1):118-131. https://doi.org/10.3390/immuno2010009

2. Broers MC, Bunschoten C, Nieboer D, Lingsma HF, Jacobs BC. Incidence and Prevalence of Chronic Inflammatory Demyelinating Polyradiculoneuropathy: A Systematic Review and Meta-Analysis. Neuroepidemiology. 2019;52(3-4):161-172. https://doi.org/10.1159/000494291

3. Rajabally YA, Simpson BS, Beri S, Bankart J, Gosalakkal JA. Epidemiologic variability of chronic inflammatory demyelinating polyneuropathy with different diagnostic criteria: study of a UK population. Muscle Nerve. 2009;39(4):432-438. https://doi.org/10.1002/mus.21206

4. Bunschoten C, Jacobs BC, Van den Bergh PYK, Cornblath DR, van Doorn PA. Progress in diagnosis and treatment of chronic inflammatory demyelinating polyradiculoneuropathy. Lancet Neurol. 2019;18(8):784-794. https://doi.org/10.1016/S1474-4422(19)30144-9

5. Mathey EK, Park SB, Hughes RA, Pollard JD, Armati PJ, Barnett MH, et al. Chronic inflammatory demyelinating polyradiculoneuropathy: from pathology to phenotype. J Neurol Neurosurg Psychiatry. 2015;86(9):973-985. https://doi.org/10.1136/jnnp-2014-309697

6. Кутепов Д.Е., Литвинов Н.И. Синдром Гийена-Барре. Казанский медицинский журнал. 2015;96(6):1027-1033. https://doi.org/10.17750/KMJ2015-1027

7. Гапешин Р.Ф., Баранцевич Е.Р., Яковлев А.А. Патогенез, особенности клинической картины и лабораторной диагностики хронической воспалительной демиелинизирующей полинейропатии. Ученые записи СПбГМУ им. акад. И.П. Павлова. 2018;25(3)614-24.

8. Allen JA, Lewis RA. CIDP diagnostic pitfalls and perception of treatment benefit. Neurology. 2015;85(6):498-504. https://doi.org/10.1212/WNL.0000000000001833

##submission.downloads##

Жарыяланганы

2024-02-26

Номер

Розділ

ИЧКИ МЕДИЦИНА