КОГНИТИВДИК ЛИНГВИСТКА ИЛИМИНИН КѲЙГѲЙЛѲРҮ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ПОСТУЛАТТАРЫ

DOI:

https://doi.org/10.54890/.v2i2.1002

Аннотация

Бул макалада когнитивдик лингвистиканын максаты, кѳйгѳйлѳрү, милдеттери – дүйнөнү кабыл алуу, категорияга бөлүү, классификациялоо жана түшүнүү процесстери кандай ишке ашарын, билимдер кандайча топтолорун, кандай системалар маалыматтык ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн камсыз кылаары чагылдырылган. Лингвистикалык билимдин табияты, анын өздөштүрүлүшү жана колдонулушу берилген.
Психикалык маселелерди чечүү тилди колдонууга түздөн-түз байланыштуу, анткени тил бардык коммуникация системаларынын ичинен эң күчтүү семиотикасы болуп чыкты. Бул сүйлөө ишмердүүлүгүндө дээрлик чексиз өндүрүштү жана маанилерди түшүнүүнү камсыз кылган когнитивдик механизм. Тил информацияны, билимди, кабарларды берүү жана кабыл алууда ортомчулук кылып гана тим болбостон, инсандын сырттан алган маалыматын иштетет, башкача айтканда конкреттүү тил алкактарын курат. Ошентип, тил көп билимди эс тутумда иретке келтирүү жана системалаштыруу, ар бир этномаданий жамаатка мүнөздүү дүйнөнүн лингвистикалык картинасын түзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Демек, бүгүнкү күндө тил үйрөнүүгө болгон мамиле ушунчалык татаал болгондуктан, аны лингвисттердин, философтордун, психологдордун, нейрофизиологдордун, культурологдордун, жасалма интеллект тармагындагы адистердин жана башкалардын күч-аракеттерин бириктирген дисциплиналар аралык когнитивдик илим катары квалификациялоого болот.

Ключові слова:

когнитивдик лингвистика, концепт, когнитивист, экстралингвистика, метафора, метонимия, эс тутум, элестетүү, кабылдоо, ой жүгүртүү.

Біографія автора

С.А. Домасбекова, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Кыргыз тили кафедрасы

Посилання

1. Камбаралиева У.Дж. Когнитивдик тил илими. –Бишкек: 2019. 324 с. [Kambaralieva U.Dzh. Kognitivdik til ilimi. –Bishkek: 2019. 324 s. (In Kyrgyz)].

2. Шиляев К.С. Введение в когнитивную лингвистику. Томск: ТГУ; 2018. 46 с. [SHilyaev K.S. Vvedenie v kognitivnuyu lingvistiku. Tomsk: TGU; 2018. 46 s. (In Russ.)]

3. Скребцова Т. Г. Когнитивная лингвистика: классические теории, новые подходы. М.:Издат. Дом ЯСК; 2018. 392 с. [Skrebcova TG. Kognitivnaya lingvistika: klassicheskie teorii, novye podhody. M.:Izdat. Dom YASK; 2018. 392 s. (In Russ.)]

4. Саматов К. Кыргызстандагы когнитивдик лингвистика. КРСУнун жарчысы, 2021; 21(2):112-125.[Samatov K. Cognitive linguistics in Kyrgyzstan. Herald of KRSU. 2021; 21(2):112- 125. (In Kyrgyz)].

5. Маслова В.А. Концептуальные основы современной лингвистики: учебное пособие. М.:ФЛИНТА; 2019. 332 с. [Maslova VA. Konceptual'nye osnovy sovremennoj lingvistiki: uchebnoe posobie. M.:FLINTA; 2019. 332 s. (In Russ.)].

6. Дербишева З.К. Кыргызский этнос в зеркале языка. Бишкек: 2012. 404 с. [Derbisheva ZK. Kyrgyzskij etnos v zerkale yazyka. Bishkek: 2012. 404 s. (In Russ.)].

##submission.downloads##

Жарыяланганы

2023-11-01

Як цитувати

Домасбекова, С. «КОГНИТИВДИК ЛИНГВИСТКА ИЛИМИНИН КѲЙГѲЙЛѲРҮ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ПОСТУЛАТТАРЫ ». Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы, вип. 2, вип. 2, Листопад 2023, с. 149-54, doi:10.54890/.v2i2.1002.

Номер

Розділ

МЕДИЦИНАДА ТИЛ АСПЕКТИЛЕРИ