Кыргыз республикасынын И. К. Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын «тамактануу жана биотехнологиялар институтун» түзүүнүн актуалдуулугу, стратегиялык милдеттери жана өнүгүү келечеги
Аннотация
Кыргыз Республикасында туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери азыктанууга байланышкан бузулуулардың «кош жүгү», микронутриенттердин жетишсиздигинин жогорку деңгээли жана алиментардык көз каранды жугуштуу эмес оорулардын кеңири таралышы, айрыкча балдар жана калктын аялуу катмарлары арасында, сакталып турушуна байланыштуу стратегиялык мааниге ээ болууда. Тамактануу боюнча адистештирилген институттун жоктугу бул тармактагы мамлекеттик саясатты илимий жактан коштоп турууну чектеп келет. Бул иштин максаты – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын базасында туура тамактануу жана биотехнологиялар тармагында системалуу илимий-билим берүүчү жана клиникалык-өндүрүштүк борбор катары Тамактануу жана биотехнологиялар институтун түзүүнүн зарылдыгын негиздөө болду. Изилдөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикалык маалыматтарына, микронутриенттик статус боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктарына, ченемдик-укуктук документтерге, ошондой эле эл аралык уюмдардын отчетторуна аналитикалык жана системалуу талдоо жүргүзүлдү. Эл аралык тажрыйбадагы тамактануу институттарынын иштөө моделдерине салыштырма талдоо жана илимий публикацияларга контент талдоо колдонулду. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын потенциалын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун диетология бөлүмү менен интеграциялоо тамактануу жаатындагы саясатты илимий жактан камсыз кылуунун институционалдык туруктуу моделин түзүүгө мүмкүндүк берери аныкталды. Тамактануу жана биотехнологиялар институтунун максаттары, миссиясы, ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, милдеттери жана уюштуруучулук түзүмү алиментардык көз каранды оорулардын алдын алууга, клиникалык нутрициологияны жана диетологияны, биотехнологияларды өнүктүрүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган. Тамактануу жана биотехнологиялар институтун түзүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумун бекемдөөгө, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга жана калктын жашоо сапатын жана узактыгын жакшыртууга өбөлгө түзгөн стратегиялык жактан негиздүү жана өз убагындагы кадам экендиги далилденди
Ключові слова:
тамактануу коопсуздугу; клиникалык тамактануу; диетология; биотехнология; тамак ашка көз каранды оорулар; функционалдык азыктар; азык-түлүк коопсуздугуПосилання
[1] United Nations. Sustainable Development Goals [Internet]. [cited 2025 Dec 20]. Available from: https://www.un.org/sustainabledevelopment
[2] United Nations. Scaling Up Nutrition Movement [Internet]. [cited 2025 Dec 20]. Available from: https://scalingupnutrition.org
[3] Ministry of Health of the Kyrgyz Republic. National multisectoral strategy for the prevention of micronutrient deficiencies (2026–2030) [draft]. Bishkek: Ministry of Health of the Kyrgyz Republic; [cited 2025 Dec 2].
[4] Government of the Kyrgyz Republic. State program “Healthy person – prosperous country” (2019–2030) [Internet]. Approved by Government Resolution No. 600 of 20 Dec 2018. Bishkek: Government of the Kyrgyz Republic; [cited 2025 Oct 20]. Available from: https://www.gov.kg/ru/programs/13
[5] Horkina NA, Chetaeva KG, Shpeko AD. Role of the state in promoting healthy nutrition programs: global experience. Public Adm Issues. 2024;2:183–210. DOI: 10.17323/1999-5431-2024-0-2-183-210
[6] Grechushkina NA. State policy measures for managing health risks associated with nutrition. Health Metrop. 2022;3(1):65–72.
[7] Yang Y, Liu H, Chen L, Filippidis FT. Combined effects of diet quality scores and frailty on all-cause mortality and life expectancy in middle-aged and older adults. Nutrients. 2025;17(19):3115. DOI: 10.3390/nu17193115
[8] Jayanama K, Theou O, Godin J, et al. Relationship between diet quality scores and the risk of frailty and mortality in adults across a wide age spectrum. BMC Med. 2021;19(1):64. DOI: 10.1186/s12916-021-01918-5
[9] Aryannezhad S, Mok A, Imamura F, et al. Combined associations of physical activity, diet quality and their changes over time with mortality: findings from the EPIC-Norfolk study, United Kingdom. BMC Med. 2024;22(1):464. DOI: 10.1186/s12916-024-03668-6
[10] Kochkorova FA. Hygienic substantiation of nutrition optimization for students in educational schools of the Kyrgyz Republic [dissertation]. Bishkek: Kyrgyz State Medical Academy named after I.K. Akhunbaev; 2022. 377.
[11] UNICEF Kyrgyzstan. Kyrgyzstan conducts national forum on food security and nutrition [Internet]. 2022 [cited 2025 Nov 24]. Available from: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/press-releases/kyrgyzstan-conductsnational-forum-food-security-and-nutrition
[12] Center for Electronic Health, Ministry of Health of the Kyrgyz Republic. Population health and activities of health care organizations of the Kyrgyz Republic [Internet]. Bishkek: Ministry of Health of the Kyrgyz Republic; 2025 [cited 2025 Dec 10]. Available from: https://surl.lu/glbyny
[13] Wang DD, Li Y, Afshin A, et al. Global improvement in dietary quality could lead to substantial reduction in premature death. J Nutr. 2019;149(6):1065–74. DOI: 10.1093/jn/nxz010
[14] UNICEF Kyrgyzstan. National Integrated Micronutrient and Anthropometric Survey (NIMAS), Kyrgyz Republic [Internet]. 2021 [cited 2025 Nov 24]. Available from: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/reports/nationalintegrated-micronutrient-and-anthropometric-survey-kyrgyz-republic-nimas

