КУРТ СЫМАЛ ӨСҮНДҮНҮН ИНВАГИНАЦИЯСЫНАН КЕЛИП ЧЫККАН УЛГАЙГАН АДАМДАРДАГЫ КУРЧ АППЕНДИЦИТ (КЛИНИКАЛЫК ОКУЯ)
DOI:
https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-142Аннотация
Курт сымал өсүндүнүн инвагинациясы, анын ичинде анатомиялык-морфологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана өсүндүнүн моторикасына байланыштуу биринчилик инвагинациясы, ошондой эле курт сымал өсүндүдө жана илеоцекалдык аймакта ар кандай залалсыз жана залалдуу шишиктердин болушуна байланыштуу экинчилик инвагинациясы, азыркы учурга чейин жетиштүү деңгээлде изилдене элек жана хирургиялык адабиятта начар чагылдырылган көйгөй болуп саналат.
Изилдөөнүн максаты: улгайган жана кары адамдардагы курт сымал өсүндүнүн инвагинациясынын эсебинен келип чыккан курч аппендицит дартын ийгиликтүү аныктоо жана дарылоо боюнча клиникалык окуяны баяндоо.
Материалдар жана ыкмалар. Академик М.М. Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунда стационардык дарыланууда болгон 64 жаштагы бейтапта курт сымал өсүндүнүн толук инвагинациясынын өтө сейрек учуру көрсөтүлдү.
Натыйжалар. Берилген клиникалык байкоо курт сымал өсүндүнүн инвагинациясын операцияга чейинки этапта аныктоонун татаалдыгын тастыктайт. Биз тарабынан баяндалган курт сымал өсүндүнүн инвагинациясынын сейрек кездешүүчү варианты бул патологиянын аз кездешишине карабастан, кечиктирилгис хирургия үчүн клиникалык маанилүүлүгүнүн зор экенин айгинелеп турат.
Корутунду. Улгайган куракта ичегинин перистальтикасынын физиологиялык басаңдашы байкалганы менен, бул жаш курактык топто да курт сымал өсүндүнүн инвагинациясына байланыштуу курч аппендициттин өнүгүү ыктымалдыгы сакталат.
Ключові слова:
курт сымал өсүндү, инвагинация, курч аппендицит, улгайган жана кары адамдарПосилання
1. Сопуев А.А., Атакозиев А.Т., Кудаяров Э.Э., Эрнисова М.Э., Шамил уулу Э. Курч аппендициттин мүнөздүү эмес түрлөрү (практикадан алынган окуялар). Здравоохранение Кыргызстана. 2024;3:141-148. https://doi.org/10.51350/ zdravkg2024.3.9.20.141.148
2. Сопуев А.А., Атакозиев А.Т., Эрнисова М.Э., Маматов Н.Н., Кудаяров Э.Э., Шамил уулу Э. Улгайган жана кары адамдарга курч аппендицит диагнозун коюуда альварадо шкаласын колдонуунун актуалдуулугу. Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы. 2025;2:57-65. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-2-57
3. Бейшеналиев А.С., Сопуев А.А., Атакозиев А.Т., Эрнисова М.Э., Маматов Н.Н., Кудаяров Э.Э., Шамил уулу Э., Белеков Т.Ж. Улгайган жана кары адамдарда курч аппендицитти аныктоодо колдонулуучу шкалалардын натыйжалуулугун баалоо. Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы. 2024;5:56-65. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-5-56
4. Kawaguchi Y, Maekawa K, Hashimoto T, Kitagawa M, Urabe S, Yoshimura E, et al. Intussusception of the appendix secondary to endometriosis: a case report. Surg Case Rep. 2024;10(1):261. https://doi.org/10.1186/s40792-024-02054-x
5. García-Muñoz P, Pérez de Andrés M, Cepeda Franco C. Intussusception of the appendix. Emergencias. 2019;31(1):73. English, Spanish. PMID: 30656887.
6. Brodersen K. Endometriose kan medføre invagination af appendix [Intussusception of the appendix]. Ugeskr Laeger. 2015;177(6):V09140499. Danish. PMID: 25650577.
7. Kimura N, Hiraki M, Sato H, Koga H, Mori D, Tanaka T, et al. Intussusception of the cecum due to the acute appendicitis: A case report. Int J Surg Case Rep. 2022;100:107727. https://doi.org/10.1016/j.ijscr.2022.107727
8. Hines JJ, Paek GK, Lee P, Wu L, Katz DS. Beyond appendicitis; radiologic review of unusual and rare pathology of the appendix. Abdom Radiol (NY). 2016;41(3):568-81. https://doi.org/10.1007/s00261-015-0600-z
9. Ravikanth R. Appendix around Ileocolic Intussusception with Acute Appendicitis: A Rare Presentation. J Med Ultrasound. 2021;29(4):294-295. https://doi.org/10.4103/JMU.JMU_151_20
10. Núñez-Rocha RE, Gómez-Carrillo D, Carvajal MEM, Cueto CA, Giraldo A, Herrera Almario GE. Mucinous appendix intussusception: Case report. Int J Surg Case Rep. 2023;106:108250. https://doi.org/10.1016/j.ijscr.2023.108250
11. Musa DH, Mohammed AA. Intussusception of the vermiform appendix caused by mucinous tumor of the appendix: Case report. Int J Surg Case Rep. 2020;67:51-53. https://doi.org/10.1016/j.ijscr.2020.01.024

