КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАКТАРЫНДАГЫ 2014-2024- жж. ЖАШ КУРАГЫ БОЮНЧА МЕНИНГОКОКК ИНФЕКЦИЯ ООРУСУ

DOI:

https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-235

Аннотация

Макалада 2014-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунун контекстинде менингококк инфекциясы менен ооругандардын жаш курактык аспектисинде эпидемиологиялык анализдин жыйынтыктары берилген.

Акыркы 10 жылдагы менингококк инфекция дартынын узак мөөнөттүү динамикасын талдоо көрсөткөндөй, эң жогорку деңгээл 2014-2016-жж. аралыгында жана 2023-ж. катталган. Бүткүл республика боюнча, COVID-19 пандемиясынын учурунда менингококк инфекциясы менен ооруугандар Бишкек шаарында жана Ош облусунда гана катталган. Талдоо жүргүзүлүп жаткан мезгилдеги өлкөнүн жыйынды көрсөткүчү 100 000 калкка 38 учурду түздү (0/0000); ооруга көбүнчө14 жашка чейинки балдар чалдыккан (1600/0000), өспүрүмдөр эки эсе азыраак ооруган (76,50/0000); ошондой эле 18 жаштан жогорку адамдар тартылган (23,10/0000). Кыргызстанда оорунун жогорку деңгээли Бишкек (59,00/0000), Ош шаарында (38,20/0000) жана Чүй облусунда катталган (14,90/0000). Талас (6,60/0000), Баткен (6,50/0000), Нарын (6,30/0000) жана Ош (5,80/0000) сыяктуу аймактарда оору дээрлик бирдей деңгээлде болгон. Ысык-Көл (2,70/0000) жана Жалал-Абад облустарында (2,70/0000) интенсивдүү көрсөткүчтөр салыштырмалуу төмөн болгон.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз Республикасында 2014-2024-жж. менингококк инфекциясынын циклдик өсүшү 2014-2016-жж. жана 2023-ж. байкалган, ал эми эпидемиялар аралык мезгилди алсак 8 жылды түзгөн. Эгерде ар бир 8-15 жыл сайын менингококк инфекциясынын циклдик өсүшүн эске алсак, анда 2022-жылдан тартып дарттын акырындык менен өсүшү, республикада менингококк инфекциясынын жаңы эпидемиялык циклдын башталышы болуп саналат. Ушул себептен өлкөдө профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү абзел. Чоң шаарларда оорунун жогору болушу, балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында эң көп катталышы, жабык жайларда массалык иш-чараларды өткөрбөө жана калктын өз эсебинен эмдөөнү сунуштоо боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылат.

Ключові слова:

менингококк инфекциясы, эпидемиология, ооруу, балдар, өспүрүмдөр, чоңдор, аймактар, Кыргыз Республикасы

Біографії авторів

М.Б. Кайкиева, Эл аралык медициналык университети

Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы

К.А. Ногойбаева, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Илимий изилдөөлөр менеджменти кафедрасы

Посилання

1. World Health Organization. Defeating meningitis by 2030: a global road map. WHO; 2021. 22 c. Available from: https://www.who.int/publications/i/item/978924002640

2. Mustapha MM, Marsh JW, Harrison LH. Global epidemiology of capsular group W meningococcal disease (1970-2015): Multifocal emergence and persistence of hypervirulent sequence type (ST)-11 clonal complex. Vaccine. 2016;34(13):1515-1523. http://doi.org/10.1016/j.vaccine.2016.02.014

3. Acevedo R, Bai X, Borrow R, Caugant DA, Carlos J, Ceyhan M, et al. The Global Meningococcal Initiative meeting on prevention of meningococcal disease worldwide: Epidemiology, surveillance, hypervirulent strains, antibiotic resistance and high-risk populations. Expert review of vaccines. 2019;18(1):15–30. https://doi.org/10.1080/14760584.2019.1557520

4. Wunrow, HY, Bender, RG, Vongpradith, A, Sirota SB, Swetschinski LR, Novotney A, et al. Global, regional, and national burden of meningitis and its aetiologies, 1990–2019: a systematic analysis for the Global Burden of Disease Study 2019. The Lancet Neurology. 2023;22(8):685–711. https://doi.org/10.1016/S1474-4422(23)00195-3

5. The Lancet. A new roadmap for meningitis. Lancet. 2020;395(10232):1230. https://doi.org/10.1016/S0140-6736(20)30865-5

6. Всемирная организация здравоохранения. Глобальная программа «Победить менингит к 2030 году». Доступно: https://www.who. int/initiatives/defeating-meningitis-by-2030.

7. Королева M.A., Грицай М.И., Миронов К.О., Ярыгина Е.А., Валдохин А.В., Янушевич Ю.Г. и др. Эпидемиологические проявления вспышки менингококковой инфекции, обусловленной Neisseria meningitidis серогруппы А, в Новосибирске в 2019 г. Эпидемиология и инфекционные болезни. Актуальные вопросы. 2021;11(2):13-21. https://doi.org/10.18565/epidem.2021.11.2.13-21

8. Лобзин Ю.В., Скрипченко Н.В., Маркова К.В., ГореликЕ.Ю., Вильниц А.А., Пульман Н.Ф. и др. Семейные случаи менингококковой инфекции, вызванной Neisseria meningitidis серогруппы W. Педиатрия. Журнал им. Г.Н. Сперанского. 2019;98(1):242–245. https://doi.org/10.24110/0031-403X-2019-98-1-242-245

9. Центр электронного здравоохранения при МЗ КР. https://cez.med.kg/

10. Береговой З.К., Джолбунова З.К., Кадырова Р.М. Клинико-эпидемиологические особенности течения острых бактериальных менингитов в различных возрастных группах. Бюллетень науки и практики. 2019;5(11):104-114. https://doi.org/10.33619/2414-2948/48/14

11. Кайкиева М.Б., Уралиева М.К., Рыскулбекова А.Б., Кундашев К.У., Ногойбаева К.А. Эпидемиологическая характеристика бактериального менингита в г. Бишкек за 2022-2023 гг. Евразийский журнал здравоохранения. 2024;1:89-94. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-1-89

12. Национальный статистический комитет КР. Население. https://stat.gov.kg/ru/statistics/naselenie

##submission.downloads##

Жарыяланганы

2025-04-16

Як цитувати

(1)
Кайкиева, М.; Ногойбаева, К. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАКТАРЫНДАГЫ 2014-2024- жж. ЖАШ КУРАГЫ БОЮНЧА МЕНИНГОКОКК ИНФЕКЦИЯ ООРУСУ . ЕЖЗ 2025, 1, 235-244.

Номер

Розділ

ГИГИЕНА ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ