КЛИНИКАЛЫК ОКУЯ 12 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫН СУУ ЧЕЧЕК ЭНЦЕФАЛИТИ МЕНЕН ТАТААЛДАШКАН
DOI:
https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-153Аннотация
Чечек көбүнчө жаш балдарда кездешүүчү эң кеңири таралган балдар инфекцияларынын бири бойдон калууда. Суу чечек оорусунун эң көп таралышы эмдөө менен камтылышы төмөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда байкалат.
Татаал фон бар балдарда: эрте куракта, башка герпестик инфекциялардын, ВИЧ-инфекциясынын, рактын, иммуносупрессивдүү терапияны алууда; организмдин генетикалык өзгөчөлүктөрү (үй-бүлөдөгү неврологиялык оорулар), ошондой эле суу чечек менен бир убакта вирустук же бактериялык инфекциянын болушу, чечек энцефалити сыяктуу татаалдануунун жогорку коркунучу бар. Энцефалит балада эпилепсия жана майыптуулуктун өнүгүшүнө салым кошо алат. Суу чечек энцефалитинин аз учурашына карабастан, бул татаалдашуу балдардын жана чоңдордун ден соолугуна коркунуч жаратып, аны маанилүү медициналык көйгөйгө айландырууда.
Макалада Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын адистештирилген бөлүмүндө жаткырылган 12 жаштагы баланын суу чечек энцефалитинин клиникалык учуру көрсөтүлүп, ал 10 күн дарыланып, невропатологдун байкоосуна алуу сунушу менен ооруканадан чыгарылган.
Биз байкаган пациенттин терисинде жана былжыр челинде көп исиркектер, ачык интоксикация симптомдору жана неврологиялык симптомдор (Ромберг абалынын туруксуздугу, буту-колдун титирөөсү, сканирленген сүйлөө, басуунун туруксуздугу) катуу суу чечек оорусу болгон. Белгилей кетсек, энцефалиттин симптомдору болгон учурда магниттик-резонанстык томография сүрөтү патологиялык өзгөрүүсүз болгон, бул эрте аныктоо жана медициналык жардамга кайрылуу (оорунун 4-күнү) жана өз убагында дарылоону баштоо менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Чечек энцефалитинин башка этиологиядагы энцефалиттен дифференциалдык диагностикасы үчүн полимераздык чынжыр реакциясынын ыкмасын колдонуу зарыл. Балдарды суу чечекке каршы эмдөө маселеси каралышы керек.
Ключові слова:
суук чечек, энцефалит, татаалдашуу, ацикловирПосилання
1. Wilson M, Wilson PJK. Chickenpox. In: Close Encounters of the Microbial Kind: Everything You Need to Know About Common Infections. Springer Nature. 2021:123-136. https://doi.org/10.1007/978-3-030-56978-5_7
2. Kennedy PGE. The Spectrum of Neurological Manifestations of Varicella-Zoster Virus Reactivation. Viruses. 2023;15(8):1663. https://doi.org/10.3390/v15081663
3. Andrei G, Snoeck R. Advances and Perspectives in the Management of Varicella-Zoster Virus Infections. Molecules. 2021;26(4):1132. Published 2021 Feb 20. https://doi.org/10.3390/molecules26041132
4. Эфендиев И.М., Мансурова А.А., Саменова Н.Е. Клинический случай ветряночного энцефалита. Наука и Здравоохранение. 2022;24(3):243-247. https:// doi.org/10.34689/SH.2022.24.3.029
5. Borkowska A, Marosz S, Marosz K, Chilimoniuk Z, Sobstyl A, Dudziński D, et al. Raising Awareness About the Importance of Chickenpox Vaccination in Children. Journal of Education, Health and Sport. 2023;19(1):119-128. https://doi.org/10.12775/Jehs.2023.19.01.012
6. Кольцова И.В., Домонова Э.А., Сильвейстрова О.Ю., Кистенева Л.Б. Ветряная оспа и беременность: риски для матери и плода. Пути решения проблемы. Российский вестник перинатологии и педиатрии. 2021;66:(3): 87–93. https://doi.org/10.21508/1027-4065-2021-66-3-87-93
7. Tuxtanazarova NS. (2024). Current course and treatment of chickenpox in children. International Multidisciplinary Journal for Research & Development. 2024;11(01). Available from: http://www.ijmrd.in/index.php/imjrd/article/view/962
8. Di Pietrantonj C, Rivetti A, Marchione P, Debalini MG, Demicheli V. Vaccines for measles, mumps, rubella, and varicella in children. Cochrane Database Syst Rev. 2021;11(11):CD004407. Published 2021 Nov 22. https://doi.org/10.1002/14651858. CD004407.pub5
9. Communicable Diseases Network Australia. Varicella zoster (shingles), Varicella zoster (shingles), Varicella zoster infection (not elsewhere classified). In: Australian national notifiable diseases and case definitions [website]. Canberra, Australia: Communicable Diseases Network Australia, Australian Government Department of Health; 2018 Available from: http://www.health.gov.au/internet/main/publishing.nsf/Content/cdna-casedefinitions.htm.
10. Alvarez JC, Alvarez J, Tinoco J, Mellado P, Miranda H, Ferrés M, et al. Varicella-Zoster Virus Meningitis and Encephalitis: An Understated Cause of Central Nervous System Infections. Cureus. 2020;12(11):e11583. https://doi.org/10.7759/cureus. 11583.