И.К.АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН «МЕДИЦИНАЛЫК АЛДЫН АЛУУ ИШИ» ФАКУЛЬТЕТИНЕ 70 ЖЫЛ!
DOI:
https://doi.org/10.54890/.v1i1.1307Аннотация
Кыргызстанда октябрдык революцияга чейинки мезгилде калктуу пункттардын санитардык абалын жакшыртуу, калктын санитардык маданиятын жогорулатуу, экономикалык жана демографиялык оор кесепеттерге алып келген эпидемияга каршы күрөштү уюштуруу маселелерин чечүүчү мамлекеттик орган болгон эмес. Калктын эмгек жана турмуш-тиричилик шарттары да өтө канааттандырарлык эмес бойдон калган. Совет бийлиги орногондон кийин гана санитардык-эпидемиологиялык кызмат мамлекеттик медициналык иштин бир формасы, жугуштуу оорулардын алдын алууга жана өлкөнүн санитардык абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын системасы катары пайда болуп, өнүккөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун санитардык-гигиеналык факультети 1953-жылы уюштурулуп, анда биринчи 77 бүтүрүүчү болуп аяктаган. Акыркы 70 жылдын ичинде факультет өлкөнүн алдын алуу иши тармагынын негизин түзгөн 3000ден ашык квалификациялуу адистерди даярдаган.