МИНИМАЛДЫК ИНВАЗИВДҮҮ ХИРУРГИЯНЫН ПРОСТАТА БЕЗИНИН РАГЫ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРГА КОЛДОНУУ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
DOI:
https://doi.org/10.54890/.v3i3.1026Аннотация
Азыркы мезгилде простата безинин залалдуу шишиги- онкоурологиядагы оору катарында актуалдуулугу сакталууда. Ал эми трануретралдык резекциядан кийинки аман калуу натыйжалары ар башка болуп, ɵлкɵлɵрдүн экономикалык, географиялык жайгашууларынан кɵз каранды. Айта кетсек, ата-мекендик илимий басылмаларда аман калуу жана дарылоо натыйжаларын анализдɵɵ иштери жокко эсе. Изилɵɵнүн максаты простата безинин рагы менен ооруган бейтаптардагы трансуретралдык резекциянын натыйжаларын изилдɵɵ болгон. Илимий иш 2010-2018 жылдардагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталынын урология бɵлүмдɵрүндɵгү трансуретралдык резекция операциясы жасалган 50 улгайган жаш курактагы (Дүйнɵлүк саламаттык сактоо уюмунун жаш курак классификациясынын негизинде) оорулардын бейтап баяндарынын жана дарылоо тажрыйбаларынын ретроспективдик анализинде негизделген. Диагноз жасалган простата безинин биопсияларынын негизинде такталган. Ɵз алдынча заара ушатуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, зааранын ɵнɵкɵт токтошу, ɵткɵрүлгɵн неоадъюванттык терапияга карабастан, инфравезикалдык обструкциянын объективдуу жана субъективдуу белгилеринин туруктуу сакталышы простатанын трансуретралдык резекция операциясын жасоого жолдомо болгон. Простата безиндеги залалдуу шишик процессинин простата спецификалык антиген (ПСА)
анализинин тɵмɵндɵшүнүндɵ негизделген стабилдешуусу жана регрессиясы, простата рагынын трансуретралдык резекция операциясын жасоодо шарт катары эсептелген. Изилдɵɵгɵ кирген бардык бейтаптар кылдаттык менен каралып, оору жана жашоо баянын, болгон илдеттерин дыкат сурамжыланып, керектүү учурда тийиштуу адистердин консультациялары болгон илдеттерин ɵз убагында коррекциялоо максатында жана күтүлгɵн анестезия жана хирургиялык кийлигишүүгɵ даярдануу менен коштолуп турган. Кандын жана зааранын жалпы анализи, коагулограмма, кандын биохимиялык анализдери, А,В,С вирустук гепатиттеринин маркерлору, Вассерман реакциясы, жалпы белок жана башка анализдер лабораториялык изилдɵɵлɵрдүн негизин түздү.
Ключові слова:
простата безинин рагы, трансуретралдык резекция, аман калуу. Простата безинин биопсиясы, простата-спецификалык антиген, ультрадобуштук изилдɵɵ, неоадъюванттык терапия, инфравезикалдык обструкция.Посилання
1. Усупбаев А.Ч., Кылычбеков М.Б., Курманбеков Н.К., Исаев Н.А., Акылбек С., Джапаров Ж.Т. и др. Результаты трансректальной мультифокальной биопсии предстательной железы. Вестник КГМА им. И.К. Ахунбаева. 2017;3:94-96.
2. С.В. Головачев С.В., Макимбетов Э.К. Лучевая терапия при раке предстательной железы. Вестник КРСУ. 2017;17(7):18-21.
3. Имянитов Е.Н. Эпидемиология и биология рака простаты Практическая онкология.2008;9(2):58.
4. European Association of Urology. Guiglines. 2016:11. Available from: http://www.singem.it/wp-content/uploads/2018/03/2016_EAU_Extended-Guidelines.pdf.
5. Ишкинин Е.И., Жалкайдарова А.Ж., Нургалиев Н.С. Предварительные результаты проведения скрининга рака предстательной железы восточно-Казахстанской области в 2012 году. Сибирский онкологический журнал. 2013;1:45-46.
6. Шодмонова З.Р. Рак предстательной железы. Учебно-методическое пособие для студентов медицинских высших образовательных учреждений, резидентов магистратуры, клинических ординаторов и врачей-урологов. Самарканд; 2015.
7. Русаков И.Г., Калпинский А.С. Неотложные состояния в онкоурологической практике. Практическая онкология. 2006;7(2):89-93.
8. Fleishmann JD, Catalona WJ. Endocrine therapy for bladder outlet obstruction from carcinoma of the prostate. J Urol. 1985;134(3):498-500.
9. Попков В.М., Ким Т.Д. Лечение больных с местно-распространенным и диссеминированным раком предстательной железы (обзор). Урология. 2014. Режим доступа: https://medconfer.com/node/3311