Том 5 № 5-6 (2020): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2021-10-29

Бардык чыгарылыштар

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • КЫЗЫЛ СӨӨКТҮН УЛГАЙГАН АДАМДАРДАГЫ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

    Т.С. Абаева, Р.Р. Тухватшин
    10-17 246
    Аннотация

    Кызыл сөөк кемигин 28 улгайган убакка чейин жашаган адамдардын мүчөлөрүнө изилденүү жүргүзүлдү. Кан жаратуу органы организмде эң башкы ролду түзөт, алар жаңы клеткаларды жаратрт. Ошонун себебинен клеткаларды кислород менен жабдыганга жооп берет, б. а. клеткаларды органдарды жана системаларды азыктандырат. Препараттарда миелокариоциттер ретикулоциттер, айнек бетиндеги сүйкөлгөн сөөк кемигин миелограмманы эсептөө жүргүзүлдү. Изилдөөнүн негизинде далилденди, Бишкекте, Чолпон-Атада жана Нарын шаарында жашагандардын стернал пункциясында, баардык кан жаратуу өсүүсү сакталган. Кара-Балта шаарында жашагандарда кызыл сөөк индексинин көрсөткүчүндө нейтрофилдер 0,6%, лейкоэритробласт көрсөткүчү 2,6%. Жетилген тромбоциттер аз кездешет. Чолпон-Атада жашаган адамдарда жана Нарын шаарындагылардын анчалык өзгөгрүү жок, плазматикалык клетка 0,2%. Кара-Балта жашагандарда уран көмгөн жерге жакын жашаганга байланыштуу башка өрөөндөрдө жашагандарга салыштырмалуу кан - жаратуу функциясынын бузулушу кездешет. Кызыл кан сөөк кемигинин кызыл чучук менен сары чучуктардын салыштырмасы өзгөрөт, ошондой эле клетка курамы ар кандай даражадагы патологиялык процесстерди мүнөздөйт, аны миелограммдан көрсө болот.

ИЧКИ МЕДИЦИНА

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • СКЛЕРОПЛАСТИКА ОПЕРАЦИЯЛАРЫНЫН КӨРҮҮ АНАЛИЗАТОРУНА КАРАШТУУ ТААСИРИ

    К.Б. Бекбоева, М.А. Медведев
    31-37 99
    Аннотация

    Макалада көрүү анализаторунун функционалдык абалына склеропластикалык операциялардын таасир этүүсүн изилдөөнүн натыйжалары берилген. Мезгил өткөндөн кийин хирургиялык кийлигишүүлөр учурунда алыстагыны көрбөстүк ар кандай даражадагы азайганы байкалат жана өлчөмдөрүн ачык эмес, ал эми алыстагыны көрбөстүк жогорку даражадагы дагы жогорулатуу жана өңдү таанып билүү жагы жагымдуу таасири склеропластических операцияларды функционалдык абалын көрүү анализатордун.

  • МИОПИЯСЫ ЖОГОРУ БЕЙТАПТА СКЛЕРОПЛАСТИКА ОПЕРАЦИЯСЫНЫН ОБОЧОЛОНГОН НАТЫЙЖАЛАРЫНЫН. КЛИНИКАЛЫК УЧУРУ.

    К.Б. Бекбоева
    39-42 126
    Аннотация

    Прогрессивдүү миопия азыркы офтальмологиянын актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири болуп кала берет. Бул көйгөйдүн актуалдуулугу жана ма-анилүүлүгү миопия эң көп тараган сынуу патологиясы болгондуктан жана жаш кезинде майыптыкка алып келет.
    Максаты: Миопиясы жогору бейтапты дарылоонун сынуу же клиникалык өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Бул макалада жогорку миопия, татаал миопиялык астигматизм, баштапкы катаракта OU диагнозу коюлган бейтапты дарылоонун натыйжалары келтирилген. Анамнезинен белгилүү болгондой, 44 жыл мурун пациентке прогрессивдүү миопия үчүн оң көзүнө склеропластика операциясы жасалып, андан кийин кератотомия жана кирүүчү кератопластика жасалган. Сол жагында склеропластика жана кератопластика бар. Учурда көздүн максималдуу курчтугу: OD: 0,01 sph – 10,0 cyl – 8,0 ax84 = 0,2. OS: 0,05 s-3,50 cyl-1, 75 ax90 = 0,6. Оң көздүн кератопрограммасы боюнча (кератопластикадан кийин) 5,5 диоптринин тескери астигматизми байкалат. Бейтап стандарттуу текшерүү ыкмаларын, анын ичинде максималдуу оңдолгон жана оңдолбогон көрүү курчтугун аныктоочу изометрия, Topcon CT-80 шайманында атерефрактрометрия, Tapcon CT-80 контактсыз тонометрде тонометрия, периметрия, биомикроскопия менен жарака чырактын жардамы менен өткөрдү SL.120 Carl Zeiss Meditec AG, OCT аппараттагы көздүн алдыңкы бөлүгү алардын OCT Zeiss хирургиялык дарылоосу болуп саналат.

  • ДИАБЕТТИК БУТ СИНДРОМУН ДАРЫЛООДОГУ КОЛДОНУЛГАН, ИНФРАКЫЗЫЛ НУРДАНУУ ЖАНА РЕГИОНАЛДЫК ЛИМФОДҮҮЛҮКТҮРҮҮ ЫКМАСЫ

    У.А. Кулбаев
    43-48 122
    Аннотация

    Максаттуу изилдөөнун – Диабеттик бут синдромунун сезгенип, ириңдеген кабылдоосундагы, инфракызыл лазер нурдануусу жана регионалдык лимфодүүлүктүрүү жолу менен дарылоонун жыйынтыгын көрсөтүү. Дарылоо 44 бейтапка жүргүзүлүп, алар эки тайпага бөлүндү: биринчиси контролдук (18 бейтап) ушул убакытка чейин дарыланып келген жол менен, экинчиси негизги тайпа (26 бейтап) дарылоо учурунда кошумча инфракызыл нурдануу жана регионалдык лимфодүүлүктүрүү колдонулду. Дарылоого баа берүүдөгү клиникалык көрсөткүчтөр (шишиктердин тароосу, жараттын тазалануу мөөнөтү, гранулдашуу, эпителизациялашуу, стационардык дарылоонун мөөнөтү) жана лаборатордук (интоксикациянын лейкоцитардык индекси, жараттын бактериологиялык изилдөөсү, саламаттандыруу мөөнөтү). Жакшы көрсөткүчтөр негизги тайпадагы бейтаптардан алынды (жогорку ампутациялар кездешкен жок жана стационардык дарылоонун мөөнөтү кыскарды (21,8±2,12 ден 14,1±0,37 кунго чейин))

  • ШАШЫЛЫШ ХИРУРГИЯДАГЫ БИР КАТАР ИЧЕГИ ТИГИШТЕРИ ИЧЕГИ АНАСТОМОЗДОРУНУН ТУРУКСУЗДУГУН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАСЫ КАТАРЫ

    А.И. Мусаев, М.К. Жаманкулова, Б.О. Сайфулаев, К.И. Ниязбеков
    49-55 160
    Аннотация

    Курч ичегинин өтө алгыстыгында (75%), ичегинин ар түрдүү жаракаттарында (16,7%) жана чычыркай артерияларынын тромбозунда шашылыш операция жасалган бейтаптарга бир катар ичеги анастомоздору колго тигилген 36 оорулууну дарылоонун жыйынтыктары анализденген. Ичеги анастомоздорунун тигиштеринин туруксуздугун алдын алуу үчүн ичеги тигиштеринин сызыгына фибрин-коллагендик субстанциянын аппликациясын, операция учурунда жана андан кийин лимфостимуляцияны колдонушкан. Иштелип чыккан чаралар комплексине байланыштуу ичеги анастомоздорунун тигиштеринин туруксуздугу менен бир дагы учур катталган эмес. Бир гана учурда анастомозит катталган, ал консервативдик жол менен дарыланган 

  • ИЧ-КӨӉДӨЙ ХИРУРГИЯСЫНДА АШКАЗАНДЫН СТРЕСС ЖАРАЛАРЫ КАТАРЫ ӨТҮШҮП КЕТҮҮЛӨРҮ

    Р.А. Оморов, А.А. Абдиев, А.Ж. Акешов, М.С. Абдрасулова
    56-62 131
    Аннотация

    Максат – боорго кайра кайталанып жасалган операциялардан кийинки ашказанда стресс жаралардын пайда болушун алдын алуу шарттарын жана жыйынтыгын аныктоо. Изилдөөдө жалпы клиникалык ыкмалардан тышкаары, операцияга чейинки жана кийинки убакытта ультрадобуштук изилдөө жана эзофагогастродуоденоскопия колдонулду. Операциядан кийинки убакыттагы 10 бейтаптын ашказанында стресс жаралары пайда болуп, канап кетүү түрдө өтүшүп кетүүсү берилди (операция болгон 208 бейтаптын ичинен 10 – 4,8% да стресс жарасы катталды). Баардыгына гемостатикалык терапия колдонулуп (хлордуу кальций 10% венага, аминокапрон кычкылдыгы, жаңы тоңдурулган плазма, эритроциттик масса) көз жумганы 3. Канааттандырбаган жыйынтыктардан улам, ашказанда стресс жара пайда болуусун алдын алуу шарттарды иштеп чыгарылды, алар: 8-10 мкг/кг концентрациясындагы озондоштурулган физиологиялык хлордуу натрий менен ашказанды жуу, баштапкы 3-4 күндөрүндө 20-30 мүнөткө чейин кычкылтек менен ингаляция, 400 мл физиологиялык хлордуу натрийге 20 мг квамател кошуп 7-10 күнгө чейин венага куйуу жана эрте энтералдык тамак берүү. Алдын алуу шарттарын колдонуп операция болгон 102 бейтаптын ичинен стресс жарасынын канап кетүүсү 1-0,9% бейтапта катталды, аны гемостатикалык дарылар менен токтоттук. Ашказан стресс жарасынын канап кетүү түрдө өтүшүп кетүүсүнүн жыштыгын 4,8 ден – 0,9% чейин алдын алуу шарттар түшүрдү.

  • ӨТ БАШТЫКЧАСЫНЫН ПОЛИПТЕРИ. АЛДЫН АЛУУ ЖАНА КОРКУНУЧ ФАКТОРЛОРУ

    А.А. Сопуев, С.А. Турдалиев, С.А. Бакиров, М.М. Бигишиев, М.Э. Эрнисова
    63-75 178
    Аннотация

    Бул изилдөөдө 2009-2019-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында өт баштыкчасынын полиптеринин (ӨБП) таралышынын өнүгүшүнө жана өзгөрүү динамикасына таасир этүүчү факторлордун анализи келтирилген. 2009–2019-жылдар аралыгында организмдин жалпы абалын текшерүүдөн өткөргөн, анын ичинде ич органдарын ультра үн менен текшерүүдөн өткөргөн 6067 адамга анализ жүргүзүлдү. Өт баштыкчасынын полиптеринин таралышын баалоо үчүн 1779 адам жынысына жана жашына жараша туш келди тандалып алынган. Өт баштыкчасынын полиптерин иштеп чыгуу тобокелдик факторлору ӨБП -оң жана ӨБП -терс топторунун ортосунда 2009–2011-жылдар аралыгында талданган. (А мезгил) жана 2017 2019-жылдар (B мезгили). Өт баштыкчасынын полиптеринин жылдык таралышы 11 жылдык мезгилде 6,3% ды түздү. Жылдык таралуу А мезгилиндеги 2,9% дан В мезгилинде 8,5% га чейин жогорулады. Эркектердин жынысы жана семирүү эки мезгилде өт баштыкчасынын полиптеринин өнүгүшүнө көз карандысыз тобокелдик факторлорунан болушкан. Гепатит В үстүңкү антигенинин (HBsAg) позитивдүүлүгү А мезгилинде ӨБП үчүн коркунучтуу фактор болгон, бирок В мезгилинде болгон эмес. ӨБП өнүгүү коркунучу HBsAg позитивинен липиддик аномалияга өзгөргөн. Курак, гипертония, кант диабети, глюкоза, өнөкөт гепатит С вирусу жана боордун иштешин текшерүү сыяктуу башка өзгөрмөлөр ӨБП менен байланышкан эмес. Бул изилдөөнүн натыйжасында өт баштыкчасынын полиптеринин өнүгүү коркунучу факторлорунун өзгөрүшү жана Кыргыз Республикасында өт баштыкчасынын полиптеринин таралышынын көбөйүшү аныкталды, бул ушул изилдөөнүн
    актуалдуулугун баса белгилейт.

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БАЛДАРДЫН ОСТЕОБЛАСТОКЛАСТОМДОРУН ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛОО

    Т.О. Омурбеков, А.В. Сатылганов
    76-80 124
    Аннотация

    Биздин көзөмөлдө 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы остеобластокластома менен 37 бала болгон. Бардык балдарга операция ыкмасы менен дарылоо колдонуу учурунда илдетке кабылган соокту кортикалык кабыкчасынын алдынан алынып оорду 1% салицил кычкылы менен тазаланган кийин озунон алынган соок менен толтурулган. Алынган дарылоонун жыйынтыктары оң болчу.

  • БАЛДАРДЫН НЕФРИТТИК СИНДРОМУ МЕНЕН ГЛОМЕРУЛОНЕФРИТ ООРУСУНУНДА КЕЗДЕШКЕН КАН УЮУ СИСТЕМАСЫНЫН ЖАНА АНЫН ИЛЕШКЕКТҮҮЛҮГҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    Т.С. Тихонова, К.Ю. Богомолец, Э.Ш. Алымбаев
    81-90 168
    Аннотация

    Максат: нефриттик синдрому бар гломерулонефрит оорусунда гемостаз системасынын жабыркашынын маркерлорун аныктоо. Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүндө 2016-2020 жылдардагы бейтаптардын баяндарынын тандоосу өткөн. Кароого алынып жаткан мезгил ичинде нефриттик синдрому бар гломерулонефрит диагнозу менен 89 бала көзөмөлдө болгон. Топтор ооруга алып келген этиологиялык факторлор боюнча бөлүнгөн: 1 топто – стрептококктон кийинки гломерулонефрит диагнозу менен 38 бала, 42,7% болсо, ал эми 2 топто – белгисиз этиология менен жугуштуу оорулардан кийин гломерулонефрит диагнозу менен 51 бейтап бала, 57,3% түзгөн. Ар бир бейтапка медициналык карта ачылып, керектүү лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн материалы катары кандын жалпы анализи жана кан уюуу системасы алынган. Гломерулонефрит диагнозу менен ооруган балдардын саны Чүй өрөөнүндө басымдуу болгон. Эки топтун тең негизги этиологиялык себеби бул курч кармаган респиратордук-вирустук инфекциянын кесепетинен келип чыккан. Нефриттик синдрому бар гломерулонефрит диагнозу менен ооруган эки топто тең кандын илешкектүүлүк көрсөткүчүнүн төмөндөшү байкалган. Кан уюуу системасы тарабынан кээ бир учурларда фибриноген көрсөткүчтөрүнүн жогорулашы, протромбинделген убактысы жана ЭАНБдө байкалган. Протромбинделген индекс кээ бир учурларда эки топто тең нормадан төмөн болгон. Топтолгон жыйынтыктардын негизинде бул ооруну дарылоо, профилактикалоо жана күчөп кетүүдөн сактоого, эрте диагностика кылууга муктаж экендиги келип чыгат.

ЭКСПЕРТТИК ИШМЕРДИГИ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ТҮЗӨТҮҮ КОЛОНИЯЛАРЫНДАГЫ СОТТОЛГОНДОРДУН ТАРАГАН ООРУЛАРЫНЫН ЖАНА ӨЛҮМҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ ЖАНА ТҮЗҮМДҮК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    А.С. Колопов, М.Ш. Мукашев, Е.А. Халитова
    91-99 88
    Аннотация

    Макалада №1, 3, 8, 10, 16, 27, 47 оңоп-түзөө колонияларынын контингенттеринин арасында кезиккен ооруларды мониторинг кылуунун натыйжасы жазылган. №3, 16 жана 47 оңоп-түзөө колонияларында ашказан-ичеги системасынын оорулары басымдуулук кылганы аныкталды. Табарсык-жыныс системасынын оорулары №1 колонияда 26%, № 8 колонияда 37% контингенттеринде кезиккен. Кан-тамыр системасынын оорулары деерлик бардык колониялардын контингенттеринин арасында бар, бирок салыштырмалуу ашказан-ичеги, табарсык-жыныс системаларынын ооруларынан бир топ төмөн кезигип 6% дан 11% га чейин болду, дем алуу системасынын оорулары – андан да аз (3% дан 6% га чейин) кезикти.Психикалык жана наркологиялык бузулуулар №16 колонияда жокко эсе, ошол эле убакта нерв системасынын оорусу бардык колонияларында (9% дан 24% га чейин) кезиккен.

  • ЭРКЕКТЕРДИН ТҮЗӨТҮҮ КОЛОНИЯЛАРЫНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА УКУКТАРЫН САКТАЛЫШЫН ИЗИЛДЕП СЕРЕПТӨӨ

    А.С. Колопов, М.Ш. Мукашев, Е.А. Халитова
    100-107 89
    Аннотация

    Пенитенциардык мекемелерде жаткан контингенттердин медициналык жардам алууга тиешелуу укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана бир топ эл аралык укук-нормативдик документтерде кепилделген. № 1,3,8,10,19,27, 31,47 пенитенциардык мекемелерде медициналык жардам берүүнүн деңгеелин текшерүү үчүн атайын мониторинг жүргүзүлдү. Ошонун натыйжасында анык болгон медициналык жардам берүүдөгү кемчиликтердин себеби, мониторинг жүргүзгөн топтун пикири боюнча, төмөнкүдө: пенитенциардык медициналык мекемелердин саясатынын жана саламаттыкты сактоо боюнча улуттук саясаттын чар-жайыты; пенитенциардык медициналык кызматынын жетишсиздик уюштурулушу; оорунун түрүнө жараша аныктоонун, дарылоонун, алдын алуунун жолдорунун схемасын колдонбошу; медициналык кызматкерлердин оңөп-түзөө мекемелеринин администрациясынан көз-карандылыгы жана медициналык кызматкердин дарылоо милдетин жана тартип менен режимди сактоо милдетинин ортосунда келип чыккан конфликти (тиреши). Изилдөө жүргүзгөн мониторинг тобу пенитенциардык мекемелерде медициналык тейлөөнү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүүнү сунуштайт.

  • ТРАХЕОСТОМИЯ, АНЫН КАБЫЛДООЛОРУ ЖАНА СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЖАГДАЙЛАРЫ (эксперттик иштен)

    М.Ш. Мукашев, Т.Т. Матсаков, А.Э. Турганбаев, Б.Н. Айтмырзаев, Б. Токтосун у.
    108-116 117
    Аннотация

    Макалада так мисалдын негизинде операциядан кийинки кыска убакытта болгон трахеостомиянын кабылдоосу көргөзүлгөн. Медициналык кыз-маткерлердин ооруну эрте мөөнөттө экстубация кылып, трахеостомия кылышка чечим кабыл алууда, ирет-ирет жасалган реинтубация жана трахеостомияны интубациялык түтүксүз жасаган өндөнгөн тактикалык- техникалык катанын негизинде өпкөгө кан толуп, дем алуусу кескин бузулуп бейтап өлүмгө дуушар болду.